Чек арадагы ок атуулардан курман болгон 36 кишинин үй-бүлөсүнө үй курула баштады

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгондордун айрымдары. 

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан курман болгон 36 кыргыз жаранынын үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады. Бул тууралуу президенттин сайтында 8-майда кабарланды.

Чек арадагы ок атуулардан набыт болгондордун арасында төрт жашар Абидин Турсунбаев жана 12 жаштагы Мадина Рахматжанова бар. Турсунбаев сууга чөгүп кетип, атышуулардан улам ооруканага жетпей чарчап калган. Рахматжанова апасы жана сиңдиси менен качып баратып түшкөн миномёттун огунун чачырандысынан жарадар болуп каза болгон.

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан каза тапкандардын аты-жөнү

Мындан сырткары, чек арадагы ок атуулардан турак жайлары өрттөлгөн тургундарга үй куруу иштери да башталары белгиленген. Маалыматта, жергиликтүү тургундардын бузулган үйлөрүнүн ордуна жаңы заманбап турак жайлар курулары айтылат. Ошондой эле, талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери башталат.

Буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен эли менен жолукканда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн, ал эми жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнөрүн кошумчалаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

Чек арадагы ок атуулардын кесепетинен Кыргызстандын 189 жараны жарадар болуп, 36 киши каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Ал эми Согди облусунун администрациясы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Тажикстандын 19 жараны каза болуп, 87 киши жарадар болгонун билдирди.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдады.

Мындан улам кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.