ТИМ: Өзбекстан кыргыз тараптын чек арадагы абалды турукташтыруу аракетин колдойт

Өзбекстан кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан кийинки абалды турукташтыруу боюнча кыргыз тараптын аракеттерин колдоп, жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу 11-майда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолукканда билдирди.

Жолугушуу Кытайдын Сиань шаарындагы «Борбор Азия – Кытай» кеңешмесинин алкагында өтүп, Казакбаев өзбек кесиптеши Камиловду Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

«Тараптар көптөгөн адам курмандыгына жана кыйроолорго алып келген кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак саясий-дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек деген бирдиктүү пикирди билдиришти», — деп жазылат маалыматта.

Өзбекстандын ТИМ башчысы бүтүндүк менен коопсуздук Борбор Азия аймагындагы туруктуулукту сактоонун фундаменталдуу принциби экенин кошумчалады.

Жолугушууда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын азыркы абалы талкууланып, быйыл Кыргызстанда Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусун өткөрүү маселеси каралды.

Буга чейин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча эки өлкөнүн президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда ал жаңжал диалог менен чечилиши керек экенин белгилеген.

Чек арадагы ок атуу

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.

Чыр куралдуу кагылышууга айланып, Кыргызстандан 189 киши жарадар болгон. Анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Набыт болгондордун арасында 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 4 жашар наристе, ошондой эле, үч кыргызстандык аскер бар.

Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдады.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолугуп, эки тарап «максаттуу макулдашууга» жетишип, төрт пункттан турган протоколго кол койгондон кийин мүмкүн болгон.

Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.

Тажикстандын бийлиги каза болгондор жана жарадар болгондор тууралуу маалыматты 6-майда гана жарыялаган. Ага ылайык, куралдуу кагылышуунун натыйжасында 19 адам курман болуп, 87 тажикстандык жарадар болгон.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик аскерлердин аракеттерин «аскердик агрессия» катары баалап, 2-майга карата чек арадагы жаңжал боюнча 11 кылмыш иши козголгон.

Ал эми 10-майда Башкы прокуратура тажик тарап 10 кыргызстандыкты барымтага алган факты боюнча «Кыйноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын маалымдаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мирзиёев: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал диалог менен чечилиши керек

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө келишимге кол коюлду