Эгер кыргыз бийлиги сүйлөшүүгө барбаса Centerra Gold арбитраждык сотко кайрылат

Centerra Gold компаниясы кыргыз өкмөтүнө сүйлөшүүгө баруу үчүн 45 күн берди, эгер бул убакыт ичинде кандайдыр бир аракеттер болбосо алар арбитраждык сотко кайрылат. Бул тууралуу «Кумтөр» кенинин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров комиссиянын отурумунда билдирди.

«Centerra Gold өкмөткө эгер 45 күндүн ичинде сүйлөшүүлөргө барбасаңар биз арбитраждык сотко барабыз деп кат жиберди. Анткени 2009, 2017 жана 2019-жылы кыргыз өкмөтү бизди коргойбуз деп ант берип, кол коюп бергенсиңер, ошону кыргыз өкмөтү бузду деп барабыз дешүүдө. 12-июнга чейин Centerra кандай болсо дагы арбитражга барабыз деп жатат», — деди Жапаров.

Ал ошондой эле Кыргызстан дагы эл аралык сотторго даярданып жатканын кошумчалады. Азыр бардык далилдер менен документтерди топтоо маанилүү экенин белгиледи.

«Биринчи Кыргызстандын соттору, юристтер менен бардык далилдерди алып, эгер алар [Centerra] эл аралык сотко барса, балким биз алардан биринчи эл аралык сотко беришибиз керек», — деди ал.

Жапаров андан сырткары «тез арбитраж» деген бар экенин айтып, ал жакта иш жарым жылда каралып бүтөрүн айтты. Ошондой эле, балким бул иштер 10 жылга чейин деле созулуп кетиши ыктымалдыгын кошумчалады.

Мамлекеттик комиссиянын отурмунда Жапаров «Кумтөр Голд компани» айыптар менен тууумдарды кошуп Кыргызстанга 4 миллиард 952,8 миллион доллар (459 миллиард 558 миллион 100 миң сом) төлөөгө милдеттүү экенин билдирди. Жапаров бул сумма асмандан алынбаганын, аны далилдесе болорун белгиледи. Ал ошондой эле, мунун 3 миллиард 501 миллион доллары негизги сумма, калганы туум жана санкциялар экенине токтолду.

Жыйындын соңунда комиссия 14-майда эртең менен кайрадан чогулуп, акыркы чечим кабыл алары белгилүү болду.

Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту 7-майда «Кумтөр Голд Компани» ишканасын экологиялык жактан келтирген зыяны үчүн мамлекетке 261,7 млд сом төлөп берүүгө милдеттендирген болчу.

Биринчи инстанциянын чечиминен кийин 8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, компания 2017-жылы Кыргызстандын бийлиги менен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча стратегиялык келишим түзгөнүн эскерткен. Келишимге ылайык, компания мөңгүлөргө кендин калдыктарын топтоонун натыйжасында экологияга алып келген залал үчүн кенемте төлөөдөн бошотулганын белгилеген.

Кумтөр Кыргызстандагы эң ири алтын кени — анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет. Кыргызстан бул компаниянын 26% үлүшүнө ээлик кылат.

ТЕМА БОЮНЧА

«Кумтөр» мамлекетке 262 млд сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилди

«Кумтөрдүн» суракка чакырылган жетекчилери Кыргызстандан чыгып кетти

Ишканаларды сырттан башкарууга жол ачкан мыйзам долбооруна Кумтөрдүн кандай тиешеси бар?