Акылбек Жапаров: Кумтөр маселесин чечүүгө экс-президенттердин эрки жеткен эмес

Буга чейинки өлкө башчыларынын ичинен өткөөл мезгилде президент болгон Роза Отунбаеванын учурунда гана «Кумтөрдүн» ишин иликтөөчү комиссия түзүлгөн эмес. Мындай пикирин «Кумтөр Голд» компаниясынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз жыйынында билдирди.

Жапаров ошондой эле, кайсы президенттердин тушунда канча тонна алтын сыртка ташылып кеткенине токтолду.

«Акаевдин убагында 156 тонна алтын, Бакиевдин убагында 68,2 тонна алтын, Атамбаевдин убагында 132,6 тонна, Жээнбековдун убагында 52,9 тонна алтын сыртка ташылып кеткен. Бардык президенттердин убагында Кумтөр боюнча ар кандай көптөгөн комиссиялар түзүлгөн, бирок алардан олуттуу майнап чыккан эмес. Кардиналдуу, принципиалдуу чечимдер кабыл алынган эмес. Кыскасын айтканда, Кыргызстандын төрт президенти тең Кумтөр маселесин толук кандуу аягына чыгарып, чечүүгө күчүн, эркин топтой албай эле кете беришиптир», — деди ал.

«Жапаровдун да жоопкерчилиги бар». Атамбаев жана Сариев Кумтөр боюнча айыптоолорго жооп берди

Жапаров өз сөзүндө Отунбаева президент болуп турганда Кумтөрдү убактылуу өкмөттүн бир декрети менен улутташтырып койсо болмок деп белгиледи. Ошондой эле, ушул тапта Кумтөр кенин улутташтырууга жакшы мүмкүнчүлүк болуп жатканын кошумчалады.

«Кумтөр кени туш болгон тарыхый адилетсиздикти жоюуга, элдин мүдөө-талабын аткарууга биз — бийлик өкүлдөрү азыр дагы бир мүмкүнчүлүк алып отурабыз», — деди ал.

Жапаров андан сырткары компаниянын камарабастыгынан улам, 2013-жылдан тартып Давыдов мөңгүсүнө ташталган миллиондогон тонна калдыктар жыла баштаганын айтты. Андыктан компания кендин ылдыйкы аянтында жайгашкан башкы трансформациялык подстанцияны, устакананы, вахталык поселокту жана башка өндүрүштүк объектилерди көчүрүүгө аргасыз болгон. Бул иштерге 70 млн доллардан ашык акча сарпталып, компанияны чоң экономикалык зыянга учураткан.

24 жылда 61 кырсык катталган

Жапаров 1997-жылдан бери Кумтөр кенинде 61 кырсык катталып, 12 кишинин өмүрү кыйылганына токтолду.

«1997-жылдан бери Кумтөрдө 61 кырсык катталган, 47 киши жабыркап, 12 киши каза болгон. Азыр дагы ушундай авария, катастрофалар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан мамлекеттик комиссия өкмөткө тийиштүү алдын-алуу чараларын көрүүнү сунуш кылат», — деди ал.

Акылбек Жапаров мамлекеттик комиссиянын отчетунун көлөмү 900 барактан ашык экенин айтып, ичине өткөн үч айда топтолгон, тандалган, каралган бардык материалдар жарыяланганын кошумчалады.

Жапаров андан сырткары аталган мамлекеттик комиссиянын ишмердигин күзгө чейин — жаңы парламент шайланып келгенге чейин узартууну сунуштады. Себеби, бул убакыт ичинде комиссия Министрлер кабинетине «Кумтөр Голд» компаниясына салынган айыппулдарды өндүрүүгө жардам берет. Андан сырткары арбитраждык сотко даярдык көрүү керек.

«Кумтөрдүн» айланасындагы жагдай

Бишкектин Октябрь райондук соту 7-майда алтын өндүргөн «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Төрт жаран Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылган.

Сотко доо арыз менен кайрылган доогерлердин экөөсү адамды барымтага алуу иши боюнча айыпталуучу катары өтүшкөн — бул иште президент Садыр Жапаров дагы фигурант болгон.

Ал эми Centerra Gold доогерлердин талаптарын негизсиз деп атаган.

Компания Кыргызстандын өкмөтү 2017-жылы Айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча стратегиялык макулдашууга кол койгонун эскерткен. Ага ылайык, компания коюлган бардык дооматтардан, анын ичинде мөңгүлөргө чогулган калдыктардан улам айлана-чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтуруудан дагы бошотулган. Ал ортодо Centerra Gold компаниясы Кыргызстандын өкмөтүн арбитраждык сотко берерин билдирди.

Кумтөр Кыргызстандагы эң ири алтын кени — анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет. Кыргызстан бул компаниянын 26% үлүшүнө ээлик кылат.

Күч органдары «Кумтөр Голд» ишканасынын кеңселеринде тинтүү жүргүздү — ЖМК

Centerra Gold компаниясы Кыргызстандын өкмөтүн арбитраждык сотко берет