Айгерчинова: Тажик жарандары сабаган кыргызстандыктардын абалы туруктуу

Баткен шаардык ооруканасындагы «тез жардам» унаалары. Сүрөт: Хамидулло Узаков / «Клооп»

Тажикстандын жарандары тарабынан сабалып, ооруканага түшкөн Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундарынын абалы туруктуу. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

«Үч тургун Баткен шаарындагы ооруканада дарыланып жатат. Алардын үчөөнүн тең денесинде көгала тактар бар, баш сөөгүнүн жабык түрүндөгү жаракатын алышкан жана мээлери чайкалган. Ошондой эле, биринин мурду сынган», — деди Айгерчинова.

Баткен шаарындагы облустук биргелешкен ооруканасында жаткан Ак-Сай айылынын үч тургуну 17-майда сабалган. Алар Тажикстандын Ворух анклавы аркылуу Кишемиш жайлоосунан келе жатканда тажик жарандары тарабынан кармалган.

Ал эми Тажикстандын жети жаранын Ак-Сай айылынын тургундары Кыргызстандын аймагынан кармашкан. Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облустарынын башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушкандан кийин кармалгандар бошотулган.

Баткен милициясы тургундардын сабалышы боюнча «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүүдө. Ал эми аларды сабаган Тажикстандын жарандарын жоопко тартуу боюнча Баткен менен Согди облустарынын башчылары жолуккан учурда макулдашылган.

Мындан сырткары эки тарап жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Ак-Сай айылы менен Ворух айылынын кесилишкен жерине, эки айылга кирип-чыккан милициянын биргелешкен постун коюуну чечти. Ошондой эле, чек аранын кооптуу участкаларында эки тараптын чек арачыларынын биргелешкен патрулу түзүлдү.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасы: эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулду

Баткен милициясы тажик жарандары сабады делген үч кыргызстандыктын ишин териштирет

Баткен: Ак-Сай менен Ворух айылдарынын чегине милициянын биргелешкен посту коюлду