Баткен: Ак-Сай менен Ворух айылдарынын чегине милициянын биргелешкен посту коюлду

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев 17-майда кечинде Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен кыргыз-тажик чек арасында жолукту. Анда облус башчылары чек ара аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешип иш алып барууну талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Ак-Сай айылы менен Ворух айылынын кесилишкен жерине, эки айылга кирип-чыккан жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн милициянын биргелешкен посту коюлду. Ошондой эле, чек аранын кооптуу участкаларында эки тараптын чек арачыларынын биргелешкен патрулу түзүлдү.

Мындан ары облус башчылары жума сайын жолугуп чек ара маселелерин күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте сүйлөшүп туруу боюнча макулдашышты.

Бийликтин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Ак-Сай айылынын үч тургунун сабаган Тажикстандын жарандарын жоопко тартуу боюнча макулдашууга жетишилгенин кошумчалады.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан бул маалыматты ырастап, аталган факты КЖБРге «Ээнбаштык» беренеси менен катталгандыгын билдиришти. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

17-майда кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Ак-Сай айылынын тургундары тажик жарандарын, Ворух анклавынан тажикстандыктар кыргызстандыктарды кармап алганы маалымдалган. Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облустарынын башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушкандан кийин кармалгандар бошотулган.

Кийинчерек Баткен милициясы Тажикстандын жарандары тарабынан кармалып, андан соң сабалды делген Ак-Сай айылынын үч тургуну боюнча текшерүүнү баштаган. Ал эми тургундар Баткен шаарындагы облустук биргелешкен ооруканага жаткырылып, дарыгерлер алардын абалын «орто» деп баалаган.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасы: эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулду

Баткен милициясы тажик жарандары сабады делген үч кыргызстандыктын ишин териштирет