«Өлдүм деген ойго келдим». Чүйдө күйөөсү аялын тирүүлөй жерге көмүүгө аракет кылды

Иллюстрация: Алина Печенкина

Чүйдүн Панфилов районунда мас абалындагы киши аялын өлтүрүүгө аракет кылган. Чүй облустук ИИББдин маалыматына караганда окуя 22-апрелде болгон. 30-35 жаштардагы келинди күйөөсү тирүүлөй жерге көмүп жатканда 5-класстагы уулу байкап калып, кошуналарын жардамга чакырган.

Тергөөнүн версиясы боюнча 35 жаштагы тургун ичкилик ичип келип, 33 жаштагы аялына кол көтөргөн. Андан соң сыртка чачтан кармап сүйрөп чыгып, казылган аңга түртүп, белине чейин топуракка көмгөн. Шектүү кылган ишин мойнуна алып, кызганычтан улам аялын коркутуп коюу максатында бул ишке барганын айткан.

Жабырлануучу арыз жазуудан баш тартты

ВВС кыргыз кызматы күйөөсүнөн кордук көргөн келинге жолугуп, ал-абалын сурап, окуянын чоо-жайын өз оозунан уккан. Ал күйөөсү экөөнүн ортосунда беш баласы бар экенин, жолдошу декабрда Орусиядан келгенин, ушак-айыңдарды шылтоолоп, кызганычтан үй-бүлөсүнө тынчтык бербей жатканын айткан.

Ал күнү дагы ичип келип, аялын токмоктоп, андан соң чачынан сүйрөп мал сарайдын артына алып барган. Андан соң күн мурунтан казылган аңга түртүп жиберген, чыгууга аракет кылганда буту менен башынан басып, чыгарбай койгон.

«Колумду жип менен байлайм деп жатканда тырмышып болбой койдум. Өзүмдү жоготуп койдум. Анан топурак менен көмө баштады. Топурак бети-башымды көмүп киргенде дем ала албай, эми өлдүм деген ойго келдим. Дем жетпей баратты. Андан башкасын билбейм», — деп айтып берген ал.

Ошондой эле, келиндин айтымында, күйөөсү аны күрөк менен чаап, андан кийин топуракты үстүнө ыргытканын баласынан уккан. Уулу кошуналарын чакырып, алар келип келинди аман алып калышкан. Чогулгандар аны алгач аңдан чыгара алышкан эмес, аны бир аз казып андан кийин сууруп алышкан. Кийин окуя болгон жерге милиция келип, аларды ооруканага алып барышкан. Ал жактан анын ден соолугун карашкан. Келин суукта көпкө туруп калгандыктан муундары калчылдап калган.

Кийин милиция бөлүмүнө барышкан. Ал жактан эгер арыз жазса күйөөсү камалып кетерин билген соң, арыз жазуудан баш тарткан.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова келиндин арыз жазбаганына карабай, тергөө жүрүп жатканын ВВСге билдирген.

Келин күйөөсү милиция кызматкерлеринин көзүнчө эле «өлтүрөм» деп коркутканын, эми ал «милициядан чыгып кетиптир» деген маалымат алганын айтып берген.

«Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?

Үй-бүлөдөгү зомбулук

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Буга чейин Сузакта аялынын колун байлап, мойнуна дөңгөлөк асып сабаган окуя катталган. Ал эми Ысык-Көлдө аялына атайлап бензин чачып өрттөсө, Кочкордо аялын атка сүйрөп өлтүргөн учурлар катталган.

Ошол эле учурда жубайына, түгөйүнө зомбулук көрсөткөндөр административдик гана жазага тартылып, аларга айып пул, эскертүү берилип же коомдук иштерге тартылат.

Үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси 2020-жылдын башында коомдо кызуу талкуу жараткан. Бул маселе парламентте да көтөрүлгөн. Ошондо өкмөт аялдар менен балдардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча ишти күчөтөөрүн билдирген.

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкөдөгү аялдардын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

ИИМдин статистикасына караганда, 2020-жылы 9025 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, анын ичинен 947 учур гана сотко жеткен.

Кылмыш иштери орточо эсеп менен катталган учурлардын алты пайызына гана козголот.

Тема боюнча:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Ачка болчумун». Жалал-Абадда аялын өлтүргөн киши 14 жылга кесилди

Ошто кош бойлуу аялын сабап өлтүрдү делген 32 жаштагы тургун Бишкектен кармалды