Мажбурлап никеге туруу үчүн кыз уурдоо учурлары көбөйдү — ИИМ

19-майда Sputnik Кыргызстан басылмасынын басма сөз борборунда «Уурдалып, өлтүрүлгөн кыздар: бийлик аларды кантип коргойт?» деген темада тегерек стол болуп өттү. Анда аткаминерлер менен укук коргоочулар кыздарды никеге туруу максатында уурдоого байланыштуу абалды талкуулашты.

Талкууда ИИМдин коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Исмаилов өлкөдө алгачкы 4 айда 200 учур катталган, алардын арасында кыздарды уурдоо жана никеге турууга мажбурлоо учурлары дагы бар экенин билдирди.

Анын маалыматына ылайык, эгерде 2020-жылдын алгачкы 4 айында «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен 56 учур катталган болсо, 2021-жылы 82 учур катталган — алардын ичинен 30у Бишкекте катталган.

«Алардын ичинен [82 иш] үч иш гана сотто каралып жатат. 8 айыпталуучу кармалган, дагы бирөө үй камагында», — деди Исмаилов.

Мурдараак башкы прокурор Курманкул Зулушев 2020-жылы «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси боюнча 210 иш катталганын айткан.

Алардын ичинен 11 иш гана сотко жеткен, 182 кылмыш иши эки тараптын келишип алгандыгына байланыштуу, тосмо арыздын негизинде кыскартылган.

Кыргызстандагы кыз уурдоо

Кыргызстанда 2013-жылы кыздарды мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Мындай кылмыш үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Бирок Кыргызстанда мажбурлап никеге тургузуу максатында кыз-келиндерди уурдап, алар макул болбой койсо изине түшүп, көзүн тазалайбыз деген коркутуулар токтогон жок. Кыз-келиндер уурдалып, зордукталып, ала качкандын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан психологиялык кысымына дуушар болуп келет.

Уурдалган кыз-келиндер көпчүлүк учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркап, турмушта өз жолун таап кетүүгө мүмкүнчүлүккө ээ болбой, укуктары тебеленген бойдон калышууда.

Жакында болуп өткөн кыз уурдоо фактысы коомдо резонанс жаратып, укук коргоо органдарына карата сындар айтылды. Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы 5:00те уурдалган. Анын сөөгү 7-апрелде Бишкекке жакын жайгашкан Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада автоунаанын ичинде табылган.

Айзаданын окуясы Бурулай Турдалы кызынын аянычтуу тагдырын эске салат — Бурулайды дагы артынан түшүп алган киши милиция имаратынын ичинен өлтүргөн.

Эки окуя тең коомдо чоң талкуу жаратып, укук коргоо органдарына карата нааразычылыкты күчөткөн. Бул окуялардан кийин бир катар милиция кызматкерлери жумуштан айдалган.

Тема боюнча:

«Жашоону сүйчү». Айзаданы курбулары менен туугандары эскеришти

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?