Чүй облустук милициясы кыз уурдоого шектеп эки адамды кармады

Кыз уурдоого шектүүлөр. Сүрөт: ЖКККБ Чүй ОИИББи боюнча басма сөз кызматы

Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы кыз уурдоого шектелген эки жаран кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, 21-майга караган түнү Бишкекте белгисиз эки адам кызды күч менен автоунаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.

«Инспекторлор “узатпай кармоо” планынын алкагында “Сосновка” постунда, болжол менен 00:30 чамасында “Хонда-Одиссей” маркасындагы унааны токтотушкан. Унаада эки жаш жигит жана уурдалган кыздын сүрөттөмөсүнө дал келген кыз болгон [...] Уурдагандар Талас облусуна кетип баратышкан», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Кармалган 1998-жылкы жана 1995-жылкы эки бала, андан тышкары кыз мындан аркы териштирүүлөр үчүн Бишкектин Октябрь РИИБине өткөрүлгөнү кабарланды.

Кыргызстандагы кыз уурдоо

Кыргызстанда 2013-жылы кыздарды мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Мындай кылмыш үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Бирок Кыргызстанда мажбурлап никеге тургузуу максатында кыз-келиндерди уурдап, алар макул болбой койсо изине түшүп, көзүн тазалайбыз деген коркутуулар токтогон жок. Кыз-келиндер уурдалып, зордукталып, ала качкандын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан психологиялык кысымына дуушар болуп келет.

Уурдалган кыз-келиндер көпчүлүк учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркап, турмушта өз жолун таап кетүүгө мүмкүнчүлүккө ээ болбой, укуктары тебеленген бойдон калышууда.

Жакында болуп өткөн кыз уурдоо фактысы коомдо резонанс жаратып, укук коргоо органдарына карата сындар айтылды. Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы 5:00те уурдалган. Анын сөөгү 7-апрелде Бишкекке жакын жайгашкан Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада автоунаанын ичинде табылган.

Айзаданын окуясы Бурулай Турдалы кызынын аянычтуу тагдырын эске салат — Бурулайды дагы артынан түшүп алган киши милиция имаратынын ичинен өлтүргөн.

Эки окуя тең коомдо чоң талкуу жаратып, укук коргоо органдарына карата нааразычылыкты күчөткөн. Бул окуялардан кийин бир катар милиция кызматкерлери жумуштан айдалган.

Материалды Бегимай Арстанбекова даярдады.

Дагы караңыз:

Мажбурлап никеге туруу үчүн кыз уурдоо учурлары көбөйдү — ИИМ

«Жашоону сүйчү». Айзаданы курбулары менен туугандары эскеришти

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?