Өлкөнүн 13 шаарында мэрлердин шайлоосу өтөт

Кыргызстандын 13 шаарында мэрлерди шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын 19-майда кабыл алган токтомуна ылайык, Баткен, Жалал-Абад, Сүлүктү, Балыкчы, Кызыл-Кыя, Исфана, Айдаркен, Кадамжай, Кербен, Шопоков, Кайыңды, Кемин жана Орловка шаарларынын башчылары шайланат.

Калаа башчыларын шайлоо 7-июнга белгиленди жана эртең мененки 9:00дөн түшкү 12:00ге чейин өтүүгө тийиш.

Ошондой эле БШК 7-майдан 12-майга чейин бир катар облустук шаарларда депутаттардын алгачкы сессиясы өткөнүн билдирди.

«Аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 11-апрелде өлкөнүн 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешинде шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу нааразылыктардан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо жокко чыгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

БШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону жараксыз деп тапты

БШК Ош шаарында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

БШК Токмоктогу шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты