Апрелдин башында уурдалып, кийинчерээк зордукталып өлтүрүлгөн Айзада Кантбекованын адвокаты Нурбек Токтакунов кыздын өлүмү боюнча иш кыскартылганын билдирди.
«Айзаданы өлтүрүү боюнча кылмыш иши, аны өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган Замирбек Теңизбаевдин өлүмүнө байланыштуу кыскартылган. Милиция кызматкерлеринин оор зыян келтирген шалаакылыгы боюнча кылмыш иши УКМК тарабынан тергелип жатат», — деди Токтакунов.
Токтакуновдун айтымында, сотто Канатбекованын уурдалганы боюнча иш каралат. Соттук отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотуна 27-май саат 9:00го дайындалды. Бул иш боюнча беш кишиге айып тагылган.
Токтакунов УКМК тергеп жаткан иштин жүрүшү тууралуу маалымат «тергөөнүн купуялуулугуна» байланыштуу ачыкталбай турганын кошумчалады.
Ошондой эле, жактоочу соттук отурумда Айзада Канатбекованы «ала качууга» катышкан бардык айыпталуучуларды жана кош мамиле жасаган милиция кызматкерлерин каттуу жазага тартуу боюнча аракет кылып жатканын билдирди. Токтакунов милициянын системасында «ала качууга» кош мамилеге жол берген жетекчиликти да жоопкерчиликке тартылышына аракеттене турганын кошумчалады.
Мындан сырткары, Токтакунов Канатбекованын өлүмү үчүн мамлекеттен кенемте талап кылаарын айтты.
«Тилекке каршы, биздин өлкөдө адамдын өлүмү, курман болгондугу үчүн арзыбаган кенемте, татыксыз кун төлөөнүн акылга сыйбас тажрыйбасы түзүлүп калган. Же, башкача айтканда, Бурулайдын өлүмү боюнча кылмыш ишине байланыштуу анын жакын туугандарына кенемте катары 100 миң сом төлөп беришкен. Ал турсун, Каржы министрлиги бир кезде адам өлүмү үчүн төлөнгөн кенемтенин өлчөмү 30 миң сомдон ашпагандай кылып белгилеген», — деди жактоочу.
*Аламүдүн райондук соту үч милиционерди Бурулай Турдалы кызынын өлүмүнө алып келген шалаакылыгы үчүн 260 миң сомдон айып пул салган. Ошондой эле сот аларды Бурулайдын атасына 100 миң сом төлөп берүүнү милдеттендирген.
Токтакунов өнүккөн өлкөлөрдү мисал келтирип, ал жакта эгерде жооптуу адамдын шалаакылыгынан адамдын өмүрү кыйылса, ал «өмүр бою кун төлөйт» деп белгиледи.
Мындан сырткары, ал Жазык кодексинен «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренесин биротоло алып салып, «Киши уурдоо» беренеси боюнча жазаны күчөтүүгө далаалат жасарын билдирди. Ал эми Токтакунов бул максаттарга жетише албай турган болсо Бириккен улуттар уюмунун Аялдарга карата дискриминацияны жоюу комитетине кайрылып, өлкөнүн милициясы аялдардын «ала качуусуна ырайымдуу мамиле жасаганына» даттана турганын кошумчалады.
Айзаданын өлүмү
Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы 7:00де бир нече киши тарабынана уурдалган. Канатбекова кызыл түстөгү Honda үлгүсүндөгү унаага зордук менен отургузулган кези сырткы видео-байкоо камераларга түшүп калган.
Эки күндөн кийин, 7-апрелде, Канатбекова уурдалган Honda унаасы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада табылган. Унааны тапкан чабан милиция кызматкерлерин чакырып, бул унаа 5-апрелден бери талаада турганын билдирген.
Чакыруу жерине келген милиция кызматкерлери унаанын ичинде киши колдуу болгон Айзаданы табышкан. Автоунаанын ичинде кызды уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү да болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча Теңизбаев Айзаданы футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кесип каза болгон.
Кийинчерээк Токтакунов Айзада Канатбекова өлтүрүлгөнгө чейин зордукталганы аныкталганын кабарлады.
Тергөө учурунда Теңизбаев Орусияда уурдоо, тоноо, каракчылык жана опузалап талап кылуу үчүн бир нече жолу соттолуп чыкканы белгилүү болгон. Ал 2017-жылы камактан болшотулуп, Орусиядан депортацияланган.
Айзаданын өлүмү коомчулукта резонанс жаратып, Бишкек жана Ош шаарларында маркумдун урматына зомбулукка каршы митинг өткөн. Көпчүлүк ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИБдин жетекчиси Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылышкан.
Айзаданын жакындары да милиционерлерге нараазы болушуп, аларга чара көрүлүшүн талап кылышкан. Кыздын энеси Назгүл Шакенованын сөзүндө, тергөөчүлөр «сарсанаа болбогула, ачуу басар келет, той жейсиңер» деп айткан. Ошондой эле маркумдун жакындары шектүү Айзаданы буга чейин да уурдоого аракет кылып, артынан коркутуп жүргөнүн маалымдашкан.
Шакенованын айтымында, ал Биринчи май РИИБисинде арыз менен кайрылганда бала кызынын артынан аңдып жүргөнүн жана анын «психикалык саламаттыгынан күмөн санаганын» да белгилеген. Бирок ага карабастан убагында чара көрүлгөн эмес деп эсептейт.
Кийинчерээк Канатбекованы уурдоого катыштыгы бар деген шек менен төрт киши кармалган. Ошондой эле Бакшы прокуратура милициянын аракеттерин иликтөөнү баштап, тергөөнү УКМКга өткөрүп берген. Ал эми 10-апрелде ИИМдин 12 кызматкери кызматынан бошотулуп, дагы 32си жазаланды — Бишкек ШИИББинин жетекчиси Бакыт Матмусаев жана Тергөө кызматынын начальниги Нурлан Утемисов бар.