Чек ара чыры, эмдөө, соода алакасы. Жапаров Путин менен кайсы маселелерди талкуулады?

Садыр Жапаров 24-майда Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Өлкө башчылары чөлкөмдөгү коопсуздук жана туруктуулук маселелерин талкуулашты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу

Алар 28-30-апрелде болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышты жана анын натыйжасында Баткен облусунун чек арага жакын айылдарындагы кыйраган инфрастуктураны, турак үйлөрдү калыбына келтирүү, жабыркаган жергиликтүү тургундарга жардам көрсөтүү чараларын талкуулашты.

Путин Орусия абалга тынчсыздануу менен кунт коюп карап турганын баса белгиледи. Анын айтымында, Орусия Федерациясы эки тараптын бардык талаштуу маселелерди сүйлөшүү жолу мене чечүү ниетин кубануу менен кабыл алган.

«Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүүгө биздин колубуздан келгендин баарын кылабыз. Бул адамдардын өмүрүнө байланыштуу экенин түшүнүп турабыз, биринчи кезекте Кыргызстан дагы, Тажикстан дагы, — алар [мамлекеттер] адамар жөнүндө ойлонушат. Маселени чечүүдө эки тараптын тең кызыкчылыгына туура келген, узак мөөнөттүк план иштеп чыгуу керек. Биз да буга умтулуп, бардык жактан колдоп турабыз», — деп кошумчалады Путин.

Экономика тууралуу

Путин эки мамлекеттин ортосунда мамиле бекемделип, өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Орусия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө «биринчи орунду ишенимдүү» ээлеп турат.

«Тилекке каршы, өткөн жылы пандемиянын кесепетинен соода бир топ төмөндөдү. Бирок үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында товар жүгүртүү 6% га жогорулаганын байкадык. Мындай жакшы тенденцияны активдүү иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиянын жардамы менен сактап калуубуз кажет», — деди Путин.

COVID-19 пандемиясы тууралуу

Путин Орусия менен Кыргызстан пандемияга каршы күрөштө өз ара байланышып, күрөшүп жатканын билдирди. Ал Орусия Кыргызстанга тест-системаларды, вируска каршы дары-дармектерди жана вакциналарды жеткирүүдө колдоп келген жана мындан ары да колдоону көздөөрүн баса белгиледи.

«Биздин эксперттер дүйнөгө белгилүү болуп калган “Sputnik V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат», — деди Орусиянын президенти.

Презиедент Садыр Жапаров Орусияны «COVID-19 пандемиясы башталгандан бери баа жеткис колдоо көрсөтүп келе жатканы үчүн», андан сырткары, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу көңүл буруп, кабатыр болуп жатканы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ал Кыргызстан Орусия менен диалогду мындан ары да өнүктүрүү жана ар тараптуу бекемдөөнү көздөөрүн баса белгиледи.

Орусияга сапар

24-майда президент Садыр Жапаров Орусиянын башчысы Владимир Путин менен жоолугушуу үчүн Сочи шаарына келген.

«Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Орусиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ошондой эле регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулашат», — деп билдиришкен Жапаровдун басма сөз кызматынан.

Алар коронавируска каршы күрөшүү чаралары менен орус вакцинасын Кыргызстанга алып келүү маселесин дагы талкуулашары айтылган.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында Жапаровду президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшөкеев, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат коштоп барган.

Садыр Жапаров 18-майдан тартып чет өлкөгө сапарларга чыгуу алдында обочого кеткен: Орусияга, Тажикстанга жана Түркияга.

Чек ара маселеси

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара маселеси бүгүнкү күнгө чейин курч бойдон калат, чек аранын делимитация жана демаркация болбогон аймактарында жыл сайын чыр чыгып турат. Акыркы жолу дагы, тактап айтканда, 2021-жылдын апрелинде кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыккан.

«Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик

Баткен облусундагы чыр 28-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары бири-бирине таш ыргытып баштагандыктан чыккан. Ал эми 29-апрелде эки өлкөнүн аскерлери курал колдонууга өтүшкөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, чек ара чыры тажик тарап «Головной» суу бөлүштүрүүчү каналында видео камера орноткондуктан улам чыккан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, чек арадагы жаңжалда 36 кыргызстандык каза таап, 154ү жарадар болгон. Мындан тышкары, чек арага жакын айылдардын 40 миңден ашуун тургуну эвакуацияланган.

Тажикстан тараптан каза тапкан жана жарадар болгондор тууралуу маалымат 6-майда белгилүү болгон. Коңшу өлкөнүн маалыматы боюнча, куралдуу жаңжал учурунда жалпы-жонунан 19 адам каза таап, 87 тажикстандык жарадар болгон.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолуккандан кийин мүмкүн болгон. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.