Бир тууган Жээнбековдор Аспековду сотко берип, бир млн сом талап кылышты

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков 25-майда ар-намысы менен кадыр баркын коргоо үчүн сотко арыз беришти. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

«Иш кечээ күнү эле келди, ал дагы деле өндүрүштө. Сот жыйындары өтө турган күндөр дайындала элек», — деп белгилешти соттон.

Алар акча опузалоого шектелип кармалган активист Мелис Аспековдун Садыр Жапаров шайлоо компаниясын каржылоо үчүн Жээнбековдордон 10 млн доллар алган деген билдирүүсүн жалган деп табууну өтүнүшкөн.

Жээнбековдордун адвокаттары 24.kg басылмасына доонун суммасы 1 млн сом экенин билдиришкен.«Эгерде сот жоопкерди күнөөлүү деп тапса, анда арыз бергендер аталган сумманы балдар үйүнүн бирине которушат», — деп кабарлашты юристтер.

Буга чейин 14-майда Жээнбековдордун үй-бүлөсүнүн адвокаты Асылбек Кочкоров алар Аспековду жала жапканы үчүн сотко берүүнү көздөп жатышканын билдирген болчу.

Аспековдун билдирүүсү

Үстүбүздөгү жылдын май айында, Аспеков өлкө башчысы Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана депутат Асылбек Жээнбековдон өзүнүн шайлоо кампаниясына 10 млн доллар алганын билдирген. Мелис Аспековдун УКМКнын ТИЗОсунан 12-майда жазган каты фейсбук барагына жарыяланган.

«[Садыр Жапаров] “мен шайлоого Жээнбековдордон 10 млн доллар алдым” деп ачык эле айтты уялбай. “Аларды кама дегениңди токтот, алардан башка ким бермек эле?” деп кайрадан менден сурайт. “7 дубанга 1 млн доллар кетти, Ысык-Көлгө 2 млн доллар бердим, өзүмдүн жеримен аз добуш алсам уят” болоорун айтты. “Бишкек менен Ошко 1 млн доллар бердим” дейт. “Ушинтип арам Жээнбековдордун акчасына президент болбой эле койсоң болмок” десем, “сен эмнени билесиң” деп менден качып баштады», — деп айтылган Аспековдун билдирүүсүндө.

Кийинчерээк Аспековдун билдирүүсү барагынан жок болуп кеткен.

Мелис Аспеков деген ким?

Аспеков өткөн жылдын ноябрь айында президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетектей турганын айткан. Бирок Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Боршайкомго кайрылып, Аспеков штабга расмий жана юридикалык жактан дагы тиешеси жок экенин билдирген. Анткен менен Аспеков Садыр Жапаровдун үгүт иш-чараларына катышып турган.

Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспеков жана «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон Улан Жураев 9-январда «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр «финансы полиция ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркуткан.

Жапаров президенттик шайлоодо добуш берип чыгып, Аспеков тууралуу «ким болбосун [кылган иштери үчүн] жооп бериши керек» деген комментарий берген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков кыйноолорго кабылганы тууралуу маалымат тараган. Аспековдун делген билдирүүсүн Арси Бек аттуу фейсбук колдонуучусу 12-майда жарыялаган.

Активисттин жазган катында УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери аны үч ай бою «кыйнап бүтүштү» деп билдирген. Аспеков бул аракеттер кызматтын жетекчиси Бекбосун Апсатаровдун буйругу менен «Чоң Казат» партиясынын лидери Сыймык Жапыкеевге каршы «жалган көрсөтмө алуу үчүн» жасалып жатканын айткан. Аны менен катар буттары көгала болгон Аспековдун бир нече сүрөтү кошо чыккан.

УКМК 14-майда кыйноо тууралуу маалыматты четке кагып, бул маалыматты «коомчулуктун башын адаштыруу аракети катары баалашарын» билдирген.

Алардын маалыматына ылайык, Аспековдун буттарындагы көгалалар марттын башында, ал Биринчи май райондук сотуна бара жаткан учурда пайда болгон.

«Ал денеге залал келтирүүнүн себебин билдирүүдөн баш тарткан жана УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин айткан, буга 2021-жылдын 11-мартында түзүлгөн акт далил», — деп маалымдашкан атайын кызматтагылар.