«Шахерезаданын жомогу». Депутат Арапбаев Сапар Исаков менен жолукпаганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев издөөгө алынган экс-премьер-министр Сапар Исаков менен Стамбулда жолукканын четке какты.

«Мен Стамбулда транзит менен жүрчүмүн. Менин Сапар Исаков менен жолугушуум жөнүндө маалымат жомок. Кайсы бир Шехеразада аны ойлоп тапкан», — деп билдирди депутаты Vesti.kg басылмасына.

Буга чейин Reporter.kg басылмасы жеке маалымат булактарына таянуу менен Арапбаев биргелешкен бизнес-кызыкчылыктарды талкуулоо максатында Исаков менен жолугушкан деп жазган.

Сапар Исаков — Бишкек ЖЭБди реконструкциялоодогу коррупция боюнча 2019-жылы күнөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Бирок өткөн жылы 6-октябрда массалык башаламдыктар учурунда абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана саясатчылар менен кошо бошотулган. Бул окуядан кийин ал изин суутуп кеткен, ал эми атайын кызмат ага издөө жарыялаган.

Азамат Арапбаев деген ким?

Азамат Арапбаев — КСДП фракциясынын парламенттеги депутаты. Парламенттик шайлоодо ал «бийликчил» «Биримдик» партиясынан талапкер болгон — тизмеде ал 19-номерде болгон.

Азамат Арапбаев.

Арапбаев «Биримдик» партиясынын Ош шаарындагы штабын жетектеген. Жергиликтүү журналисттер бул штабда мамлекетик жана муниципалдык кызматкерлер чогулганына күбө болушкан. Кийинчерээк коомчулукта бийликчил партия «административдик ресурс» колдонуп жатат деген шек жаралган.

Кийинчерээк «Мекеним Кыргызстандын» талапкери Шайлообек Атазов фейсбукта Арапбаевди «Ошто муниципалдык кызматтардын жумушчуларына кысым көрсөтүп, паспортторду чогултуп» жатат деп айыптаган. Ошондой эле ал, эгерде Арапбаев тыйылбаса «жаштар анын май куюучу бекеттерин өрттөйбүз деп жатышканын» жазган.

Андан соң Ош шаардык милициясы Атазовду «профилактикалык сүйлөшүүгө» чакырып, «Массалык башаламандык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ошол эле убакта Ош ШИИБи Атазов жазган «кысым кылуу жана паспорт чогултуу» фактысы болуп-болбогонун текшерүүнү чечкен — милиция «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Мурдараак «Азаттык» депутат «Гром» деген күзөт агенттигине жана аталышы ушундай эле спортклубга ээлик кылаарын жазган. Бирок Арапбаев өзү бул маалыматты төгүнгө чыгарган.

Мындан тышкары, 2020-жылдын ноябрында ырчы-куудул Жаныбек Аттокуров «Араван» цемент заводунун ишин сынга алганы үчүн коркутуп-үркүтүүлөр келип жатканын билдирген. Завод Арапбаевдин аялы Нурсауле Арапбаевага таандык.

Аттокуров аны ишкананын жетекчиси жана ошол эле маалда Ош шардык кеңешинин депутаты Данияр Атабаев коркуткан деп билдирген. Мындан тышкары ырчы, аны сөгүп эжесинин үйүн өрттөп салам деп коркуткан Атабаевдин имиш сөздөрүн жарыялаган.