Тажик агрессиясынан каза болгон үч чек арачыга «Эрдик» медалы ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон үч чек арачыга «Эрдик» медалын ыйгарды.

Алар УКМКнын чек ара кызматынын капитандары — Эсентур Кубанычбеков, Нурсултан Манасбек уулу жана УКМКнын чек ара кызматынын прапорщиги Бекзат Юлдашев.

Манасбек уулу Нурсултан 1992-жылы Аксы районунун Авлетим айылында туулган. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси. 2010-жылы орто мектепти аяктаган соң жогорку Аскер окуу жайына тапшырып, 2015-жылы аяктаган. №2053 аскер бөлүгүнүн 3-отрядынын командири болчу. Мамлекеттик чек ара кызматынын капитаны. Манасбек уулу Нурсултандын сөөгү 1-майда Дейрес-Сай айылында жерге берилди.

Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович 1991-жылы Ат-Башы районунун Ак-муз айылында туулган. Ак-Муз айылында 8-класска чейин окуп, кийин Дайыр Асанов атындагы аскер лицейин аяктаган. Орусиянын Курган шаарындагы аскер окуу жайынын бүтүрүүчүсү. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу. УКМКнын Чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы кызматынын 2053-аскер бөлүгүнүн командири. Аскердик чини капитан. Нарын шаарында «Бөрү» отрядынын командиринин орун басары болуп иштеген. Жакындарынын айтымында 20 күн мурун Баткенге кызмат өтөөгө жөнөп кеткен. Аскердин сөөгү Нарын облусундагы Ат-Башы районунда жерге берилди.

Юлдашев Бекзат Давлатжанович 1991-жылы Исфана шаарында туулган. Сегиз жылдан бери аскер кызматында иштеп келген. №2021-аскер бөлүгүнүн прапорщиги. Бекзат Юлдашевдин артында үч баласы калды

Каза тапкан үч аскер тең «Бөрү» атайын даярдыктагы отрядда кызмат өтөшкөн.

Мамлекет башчысынын башка жарлыгы менен аскердик жана кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн каармандагы жана эрдиги үчүн дагы 21 киши «Эрдик» медалы менен сыйланды. Ошондой эле, беш кишиге «Даңк» медалы ыйгарылды.

Тажик аскерлеринин куралдуу агрессиясы

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон. Тараптар 1-майда гана келишимге келишкен.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Жаңжалда тургундардын 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА

«Кудай сактады». Чек ара чырында үч ирет ок жеп аман калган жоокер