«Мекен үчүн жанымды берем». «Бөрү» отрядынын жоокери Бекзод Юлдашевди жакындары эскерди

Маркум Бекзод Юлдашев

Баткен облусунун Исфана шаарындагы №2021 аскер бөлүгүнүн прапорщиги Бекзод Юлдашев кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш аймагында ок атуудан каза болгон.

Ал чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядында айдоочу болчу. Юлдашев Көк-Таш айылына курал-жарак жүктөп барганы айтылууда. Маркумдун жакындары аны эр жүрөк, мекенди сүйгөн аскер болгон деп эскеришүүдө.

Юлдашевдин жубайы Гүлхойо Кодирова 29-апрель күнү жолдошу тууралуу маалыматтарды интернет булактарынан издегенин айтат. Ал жолдошу менен акыркы жолу байланышканда кичүү уулунун күлгөнүн көрсөтүүсүн өтүнгөн.

«Уулумдун али “ата” деп тили чыга элек болчу [...] Түнү менен интернеттен кайсы жерден күйөөм көрүнүп калат деп сүрөт, видео издедим. Бир четинен анан ойлондум, окопдо жаткан болсо мен чалсам, караңгыда телефондун жарыгы жанып калып тажиктер атып салабы деп корктум. Бирок, көңүлүм тынч албай чалдым», — деди Кодирова.

Ал эми Юлдашевдин күйөө баласы ок анын колтугуна тийип, денесинде калып калганын айтат. Балким ок башка жерге тийсе, коргоочу кийим өмүрүн сактап калат беле деп кейийт. Ал эми иниси Шахзодбек Юлдашев агасынын өлүмүнө азыр да ишенбейт.

«Кээде байкем кирип келип калат деп дарбазаны карайм. Ал “мен айдоочумун, кокус уруш болуп калса мекен үчүн жанымды берип калышым мүмкүн” деп айтчу. Бул сөздөрүнүн чын болуп каларын ким билиптир», — дейт Юлдашев.

Бекзод Юлдашев Дайыр Асанов атындагы кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейинде билим алган. Исфанадагы аскердик бөлүктө 2013-жылдан тарта кызмат өтөп келген. Жакындарынын айтымында, ал үч жылдан кийин ардактуу эс алууга чыгууну пландап жүргөн.

Маркум мындан он жыл мурун үйлөнгөн. Жубайы медайым болуп эмгектенет. Артында жети жаштагы кызы, беш жашар жана алты айлык уулдары калды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда «Бөрү» отрядынын дагы эки аскери курман болгон. Анын бири Эсентур Кубанычбек уулу 1-майда өзү туулган Ат-Башынын Ак-Муз айылында жерге берилген. Ал 30 жашта болчу.

Ал эми экинчиси Манасбек уулу Нурсултан 1992-жылы Аксы районунун Авлетим айылында туулган. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси болчу.

Кыргыз-тажик чек арасында 28-апрелде башталган чырдын кесепетинен Кыргызстандын 184 жараны жарадар болуп, 36 киши каза тапты. Маркумдардын арасынан 25 киши «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына атылган миномёттон набыт болгон.

Чыр Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орноткондон башталган.

Тажикстандын расмий бийлиги жабыркагандардын санын ачыктай элек, бирок тажик ЖМКлары жаңжалдан 88 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 20 киши набыт болгонун кабарлады.

Автору: Акмарват Абдилла кызы

Редактору: Зарина Маматжанова

Тема боюнча:

«Телефон чалбагыла, жарык күйсө бизди атат». Чек ара чырында каза болгон аскер жерге берилди

«Кесибин сүйчү, акыры мекен деп жан берди». Эсентурдун агасы маркум инисин эскерди

Куралдуу кагылышууда каза тапкан аскер Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү Аксыда жерге берилди