Аскерге кетти делген Азат Жапаров президенттин уулу эмес, тууганы

Социалдык тармактын колдонуучулары жана айрым ЖМКлар Садыр Жапаровдун баласы Азат Жапаров армияга кеткени тууралуу жазып чыгышты. Бирок президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул маалыматты төгүндөдү.

«Азат Жапаров президенттин уулу эмес, жакын тууганы болот. Анын армияга кызмат өтөөгө кеткени чын», — деди ал.

Садыр Жапаровдун айрым булактарда беш, айрымдарында төрт баласы бар экени айтылат. Бирок президенттин жубайы Айгүл Жапарова ЖМКларга берген маегинде беш баласы бар экенин айткан. Алар: Дастан, Рустам, Ринат, Нурдөөлөт жана кызы Жанайым.

Тун уулу Дастан 2019-жылы 22-августта Бишкекте жол кырсыгына кабылып, 26-августта каза болгон. Рустам аттуу баласы 2021-жылы үйлөнгөн. Ал эми Нурдөөлөт жана Жанайым ЖМКларда жазылгандай, Борбор Азиядагы Америка университетинде билим алышат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаровдун аялы эмне иш кылат? Президенттин жообу

Бир видео менен: Садыр Жапаровдун феномени эмнеде?