«Кумтөрдөгү» коррупция: Экс-депутаттар Пирматов жана Узакбаев кармалды

Пирматов/Узакбаев

Экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев «Кумтөр» иши боюнча коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу 31-майда УКМКдан кабарлашты.

«Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруунун ар кандай баскычтарындагы коррупция боюнча кылмыш ишинин алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу ушул кылмыш ишине байланыштуу адамдардын катышуусунда тергөө иш-аракеттери уланууда», — деп билдиришти мекемеден.

Исхак Пирматов 28-майда өз ыктыяры менен мандатын тапшырган болчу. Ал эми Талантбек Узакбаев бешинчи чакырылыштын депутаты болгон.

31-майда ушул эле иш боюнча экс-депутаттар Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров кармалган. Ал эми мурдараак бул иш боюнча Темир Сариев сурак берген.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков жана депутат Төрөбай Зулпукаров кармалгандан кийин алардын ондогон тарапташы Бишкектеги Биринчи май райондук сотуна чогулган.

Ал эми 26-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кумтөр Голд Компаниге» кошумча жер тилкени чалгындоо иштери үчүн бөлүп бергени үчүн кармалган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңштин 17-майдагы отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Алардын бири «Кумтөр Голд Компани» ишканасы экологиялык талаптарды сактабаганы боюнча. Калган үч иш алтын казуучу компания менен келишимдерди түзгөн, салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон, ошондой эле «Кумтөр Голд Компаниге» чалгындоо жүргүзүү үчүн кошумча жер тилкелерди берген Кыргызстандын кызматтагы адамдарына карата козголгон.

«Кумтөрдүн» айланасында эмне болуп жатат?

Парламентте 17-майда Кумтөр кенине жана алтын казуучу «Кумтөр Голд Компани» ишканасына байланышкан кезексиз жыйын өткөн. Анда 91 депутат «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоого макулдугун берген. Кийинчерээк тышкы башкаруучулук кызматка президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси жана Центерра Голддун директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Буга чейин, 7-майда, Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу

менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

15-майда Октябрь райсоту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары бар болгондуктан кошумча дагы 2,1 млрд сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Ошондой эле 15-майда укук коргоо органдары «Кумтөр» компаниясынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүшкөн.

Жогорудагылардын баарынан улам Centerra Gold Inc. Кыргызстандын өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрылган. Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) мамлекеттин компанияны «жутуп алуусу» Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүнү да, республиканын инвесторлор алдындагы беделин да түшүшүрүп коркунучка кептээрин билдирген.

Канаданын өкмөтү да Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

Ошондой эле Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.

Мындан тышкары, компания «Кыргызалтынга» ишкананын акцияларын сатууга жана алмаштырууга тыюу салган, ал эми мамлекеттик ишкана жана ага байланышкан компанияларга төлөнө турган дивиденттердин баары Centerra Gold Inc компаниясына өткөрүлөт.