«Кумтөр» иши: Момбеков суракка барган жок, чакыруу кагазын күтүүдө

Рыскелди Момбеков

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков аны УКМКдан телефон аркылуу суракка чакырышканын билдирди. Депутат чакыруу казагы берилмейинче суракка барбай турганын айтты.

«Ошол эле учурда, алар мени таппай атабыз дешти. Бирок мен жашырынган жокмун, ар дайым жумуш ордумдамын. Алар “Кумтөр” иши боюнча бир-эки тактоочу суроо бар экенин айтышып, кечинде чакыруу кагазын алып келүүнү убадалашты. Мен адвокат менен барам», — деди Момбеков «Кактус» басылмасына берген маегинде.

Ошондой эле Момбеков учурда «Кумтөр» иши боюнча мамкомиссиянын мүчөлөрүнүн бири экенин белгилеп, буга чейин ишке аралашпаганын айтты.

«Кумтөр» кениндеги коррупция ишинин алкагында 1-июнда УКМКга экс-депутат Максат Сабиров сурак берди, Жумабеков сурак берүүгө кирип кетти. Мурдараак аталган иштин алкагында экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган.

Ал эми 31-майда экс-депутат Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров кармалып, Жээнбеков менен Зулпукаров эки айга камалды. Ошондой эле бул иш боюнча Темир Сариев сурак берген.

УКМК Кумтөр кенинен байланыштуу төрт кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында мурдагы өкмөт башчылар, депутаттар, экс-депутаттар кармалары айтылган.

Тема боюнча:

«Кумтөрдөгү» коррупция: Экс-депутаттар Пирматов жана Узакбаев кармалды

«Кумтөрдөгү» коррупция: Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды

Өмүрбек Бабанов «Кумтөрдөгү» коррупция боюнча кармалды — УКМК