Кара-Кулжа: Асылбек Жээнбековдун тарапташтары митингге чыгышты

Ош облусунун Кара-Кулжа райондук администрациясынын алдында депутат Асылбек Жээнбековдун тарапташтарынын митингги. 2-июнь, 2021-жыл. Сүрөт: Ош ОИИБи

«Кумтөр иши» боюнча кармалган депутат Асылбек Жээнбековдун тарапташтары 2-июнь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акимчилигинин алдына митингге чыгышты. Алар Жээнбековду үй камагына чыгарууну жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылышууда.

«Азаттык» басылмасы жазгандай, райондун борборуна 200 киши «Кара-Кулжа эли Асылбек Жээнбековду колдойт», «Асылбек Шариповичке боштондук», «Саясий куугунтукка жол жок» деген транспоранттарды көтөрүп чыгышты.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан Жээнбековду колдоо митинги саат 16:00 башталганын билдиришти.

Нааразычылык акциясы бир күн мурда башталган. Анда райондук администрациянын алдына 150дөй киши чогулган. Алар Асылбек Жээнбековго карата «саясий куугунтукту» токтотууну жана тергөөнү мыйзам жолунда жүргүзүүнү талап кылышкан. Митингге чыккандар талаптары аткарылбаса Бишкек шаарына жана Кара-Кулжада боз үй тигип тынчтык митингди улантарын айтышкан.

Ошондой эле райондук администрациядан депутаттын кичи мекени Бий-Мырза айылында штаб ачылганы кабарланды. Ал эми Асылбек Жээнбековдун адвокаты Давран Касымовдун айтуусунда, Жээнбеков эмне үчүн кармалганын түшүнбөй жатат жана өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.

«Жээнбеков эмне үчүн кармалганын түшүнбөй жатат, себеби ал Кыргызстан үчүн мыкты шарттарды түзүүгө аракет кылган», — деп белгилеген адвокат.

Асылбек Жээнбеков — экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси. Жээнбеков Ак үй басылып алынгандан кийин анын отставкасын талап кылган учурдагы президент Садыр Жапаровдун тарапташтарынын уюштурган митингдеринин шартында кызматын тапшырып берген.

«Кумтөр иши» боюнча кармалгандар

УКМК 31-майда «Кумтөр иши» боюнча алгач экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган. Бабановдон башкачынын баары эки айга камалды.

Ошондой эле иштин алкагында экс-спикер Дастан Жумабеков, экс-депутат Максатбек Сабиров жана депутат Рыскелди Момбеков суралган.

Ошондой эле бул иш боюнча Темир Сариев да сурак берген. Ал эми 26-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кумтөр Голд Компаниге» кошумча жер тилкени чалгындоо иштери үчүн бөлүп бергени үчүн кармалган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңштин 17-майдагы отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Алардын бири «Кумтөр Голд Компани» ишканасы экологиялык талаптарды сактабаганы боюнча. Калган үч иш алтын казуучу компания менен келишимдерди түзгөн, салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон, ошондой эле «Кумтөр Голд Компаниге» чалгындоо жүргүзүү үчүн кошумча жер тилкелерди берген Кыргызстандын кызматтагы адамдарына карата козголгон.