Кумтөр боюнча тергөө ар тараптуу жана коомдук талапка ылайык жүрүүдө — Жапаровдун басма сөз катчысы

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев парламентте жана коомчулукта «Кумтөр» кениндеги коррупция ишине байланыштуу саясий куугунтуктоолор болуп жатат деген сындарга жооп берди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

*«Кумтөр» иши боюнча бир катар саясатчылар кармалгандан кийин депутат Канат Исаев аларды коргоп чыккан. Ал кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылган.

«Келечекте буларга коюлган айыптар такталабы, такталбай калса кандай болот, камалышына ким жооп берет деген маселе козголбой койбойт», — деген Исаев Асылбек Жээнбеков, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана депутат Төрөбай Зулпукаров жөнүндө.

Андан тышкары, депутат Асылбек Жээнбеков кармалгандан кийин анын адвокаты Давран Касымов бул саясий куугунтуктоо деп айтып чыккан. Анын айтымында, Жээнбеков эмне үчүн кармалганын түшүнбөй жатат жана өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.

Султанбаевдин айтымында, буга чейин «Кумтөр» боюнча «эл арасында кендин айланасындагы коррупцияык иштер боюнча ачык айтылып келсе да» ар тараптуу тергөө жүргүзүлгөн эмес. Ал «Кумтөр» боюнча иш учурда коомдун талабына ылайык каралып жаткандыгын билдирди.

«Бул иште өлкөдөгү белгилүү адамдардын аттары да чыгып жатат. Бирок, бул жагдай тергөө иштеринин жүрүшүн токтотпошу керек. Мына ушундан улам, биздин көз карашыбызда, мыйзам алдында баарыбыз бирдей болгондуктан, бул абалга кимдин бирөөлөрдүн мурдагы эмгектерин, ээлеген кызматтарын байланыштырууга болбойт», — деп билдирди Султанбаев.

Буга улай эле президенттин басма сөз катчысы «бул иштер саясий куугунтук, саясатка байланыштуу» деген сыяктуу билдирүүлөр — орунсуз экенин айтты.

Султанбаев жүргүзүлүп жаткан иштерден саясий себеп издеп, тергөөнүн объективдүүлүгүнөн шек санаган «айрым жарандардын» сөздөрүндө «эч кандай негиз жок» деп билдирди.

31-майда Биринчи май райондук соту «Кумтөр» кенин иштетүү долбоорун ишке ашырууда «Коррупция» беренеси боюнча депутат Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековду эки айга камоо өкүмүн чыгарган.

Аталган саясатчылардын тышкары, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, саясатчы Исхак Пирматов жана Талант Узакбаев дагы кармалган. Кармоолордон кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» иши боюнча Кыргызстандын мурунку президенттери да жоопко тартылышы мүмкүнүгүн билдирген.