Бабановдун жактоочусу Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазды

УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жактоочусу Амантур Абрахманов Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазды. Ал соттон Биринчи май райондук сотунун Бабановду эки айга камоо чечимин мыйзамсыз деп табууну талап кылууда.

*Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы Биринчи Май райондук соту тарабынан 2-июнда каралып, ал эки айга камакта калтырылган. Судьянын чечмине ылайык Бабанов 31-июлга чейин УКМКнын тергөө изоляторунда болушу керек.

Саясатчынын жактоочусу фейсбукта билдиргендей, арыз Бишкек шаардык сотуна 7-июнда каттоого алынды. Абрахманов арызда Бабановдун кармылышын мыйзамсыз деп таап, андан соң эч жакка чыкпоо тууралуу тил каты менен коё берилишин суранган.

«Кайсы гана судья болбосун, ал ачык жана адилеттүү болсо, анда Өмүрбек Бабановду коё бериш керек», — деген Абрахманов.

Мындан сырткары, жактоочу аппеляциялык арызда Бабановдун кармалышы боюнча мыйзам бузууларга токтолгон. Анын айтымында, Бабанов 31-майда УКМКга күбө катары чакырылып, эки сааттык сурактан кийин коё берилиши керек болчу. Бирок аягында суракка катышпаган тергөөчү пайда болуп, анын кармалышы боюнча токтом алып келген дейт Абдрахманов.

Ошондой эле, саясатчынын бөгөт чарасын 1-июнга караган түнү дайындалып, андан кийин 2-июнга жылдырылганын жазган. Процесс 8 саатка созулуп, прокурордун жабык өтүү боюнча келтирген өтүнүчүн сот канааттандырган. Мындан сырткары, Бабановдун жактоочуларына коюлуп жаткан айыптоолор боюнча документтер жарым саат мурун берилген. Мыйзам боюнча процесске үч саат калганда берилиши керектигин айтат адвокат.

Бабановдун кармалышы

Өмүрбек Бабанов үстүбүздөгү жылдын 31-майында «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Анда атайын кызмат Бабанов «тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде» кармалганын билдирген.

Ал эми Абдрахманов Өмүрбек Бабанов өзүн «Кумтөр» иши боюнча күнөөлүү деп эсептебей тургандыгын жана тергөө менен кызматташууга барбай тургандыгын айткан. Анын айтымында, экс-премьер протоколго дагы кайсы кылмышка шектеп жатканы түшүнүксүз экенин жазып берген.

7-июнда Бабанов УКМК ТИЗОсунан кат жазган. Анда ага тагылган айыпты «абсурд деп атап», айып таккан тарап «суу кечпеген жүйөө келтирип жатат» деп жазган.

Андан сырткары, саясатчы судья отурумга ЖМК өкүлдөрүн киргизбей, андан кийин жыйындын видеотасмасын техникалык себептерге таянып бербей койгонуна нааразы болгон. Бабанов сот процессине журналисттер киргизилиши керектигин айткан.

Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери

Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иштери 2017-жылдагы президенттик шайлоо убагында козголо баштаган. Ал бийликчил партиянын талапкери Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Жээнбековду шайлоо капманиясы учурунда ошол убакта президент Алмазбек Атамбаев колдоп турган.

Теледебаттардын биринде Сооронай Жээнбеков экс-премьерди камай турганын айткан. Шайлоо алдында Бабановго эки кылмыш иши козголгон.

Шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкенден кийин Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. Андан соң саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.

Кийин ал кайтып келип, Атамбаев менен Жээнбеков тараптан үй-бүлөсүнө карата коркутуулар айтылгандыктан өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан.

Бабанов 2017-жылдан тартып Москвада жашап, эки жылдан соң саясатка кайтып келбейм деген убадасынан кийин Кыргызстанга келген. Анын айтымында, ушул убадалашуудан кийин ага карата козголгон кылмыш иштери кыскартылмак.

УКМК 24-мартта Бабановго карата сотко чейинки өндүрүш иштери токтотулгандыгын маалымдаган. Мындан сырткары, атайын кызмат экс-премьер-министр мамлекеттик бюджетке өз калоосу менен колдоо максатында 100 млн сом которо тургандыгы белгиленген.

Тема боюнча:

Бабанов «Кумтөр» иши боюнча айыптарды «суу кечпеген жүйөө» деп атады

Бабанов өзүн күнөөлүү деп эсептебегендиктен тергөө менен кызматташпайт — адвокат

«100 млн сом төлөп бермей болду». Бабановдун кылмыш иштери токтотулду