Талас: Өмүрбек Бабановдун тарапташтары митингге чыгышты

Талас шаарында мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун 200гө чукул тарапташы 8-июнда кечке маал облустук драмтеатрдын жанына митингге чыгышты. Бабанов 31-майда «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган.

Бабановду колдоо штабынын төрагасы Каныбек Үмөталиев «Турмуш» басылмасына билдиргендей, алар президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, Бабановду бошотууну талап кылып митингге чыгышкан.

Ал эми митингдин уюштуруучусу Мурат Соорбеков «Клоопко» Бабановду колдогондор Таласта 8-июнда биринчи жолу митингге чыкканын билдирди.

«Биз кечээ Бабановду колдоп биринчи жолу митинг уюштурдук. Бабанов камалганда баары акыйкат болот го деп митингге чыккан эмеспиз. Бирок андай болбой калды, колдоп чыкканга туура келди. Эми кайра митингге чыгарыбыз азырынча белгисиз», — деди ал.

Чогулган эл «Бабанов атың таза, ишиң таза!», «Мыйзамсыз камалба!», «Мен Бабановго ишенем», «Бабанов 15 гектар жерди Кумтөрдөн кайтарды», «Бабанов эл сыймыгы», «Бабановго боштондук» деген транспаранттарды көтөрүп алышкан.

Таласта Өмүрбек Бабановду колдогон митинг

Бабановдун жактоочусу Амантур Абрахманов Бишкек шаардык сотуна 7-июнда аппеляциялык арыз жазган. Ал соттон Биринчи май райондук сотунун Бабановду эки айга камоо чечимин мыйзамсыз деп табууну талап кылууда.

*Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы Биринчи Май райондук соту тарабынан 2-июнда каралып, ал эки айга камакта калтырылган. Судьянын чечимине ылайык Бабанов 31-июлга чейин УКМКнын тергөө изоляторунда болот.

Абрахманов арызда Бабановдун кармылышын мыйзамсыз деп таап, андан соң эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен коё берилишин суранган.

«Кайсы гана судья болбосун, ал ачык жана адилеттүү болсо, анда Өмүрбек Бабановду коё бериш керек», — деген Абрахманов.

Бабановдун кармалышы

Өмүрбек Бабанов үстүбүздөгү жылдын 31-майында «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Анда атайын кызмат Бабанов «тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде» кармалганын билдирген.

Ал эми Абдрахманов Өмүрбек Бабанов өзүн «Кумтөр» иши боюнча күнөөлүү деп эсептебей турганын жана тергөө менен кызматташууга барбай турганын айткан. Анын айтымында, экс-премьер протоколго дагы кайсы кылмышка шектеп жатканы түшүнүксүз экенин жазып берген.

7-июнда Бабанов УКМК ТИЗОсунан кат жазган. Анда ага тагылган айыпты «абсурд деп атап», айып таккан тарап «суу кечпеген жүйөө келтирип жатат» деп белгилеген.

Андан сырткары, саясатчы судья отурумга ЖМК өкүлдөрүн киргизбей, андан кийин жыйындын видеотасмасын техникалык себептерге шылтап бербей койгонуна нааразы болгон.

Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери

Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иштери 2017-жылдагы президенттик шайлоо убагында козголо баштаган. Ал бийликчил партиянын талапкери Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Жээнбековду шайлоо кампаниясы учурунда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев колдоп турган.

Теледебаттардын биринде Сооронай Жээнбеков экс-премьер Бабановду камай турганын айткан. Шайлоо алдында Бабановго эки кылмыш иши козголгон.

Шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкенден кийин Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. Андан соң саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.

Кийин ал кайтып келип, Атамбаев менен Жээнбеков тараптан үй-бүлөсүнө карата коркутуулар айтылгандыктан өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан.

Бабанов 2017-жылдан тартып Москвада жашап, эки жылдан соң саясатка кайтып келбейм деген убадасынан кийин Кыргызстанга келген. Анын айтымында, ушул убадалашуудан кийин ага карата козголгон кылмыш иштери кыскартылмак.

УКМК 24-мартта Бабановго карата сотко чейинки өндүрүш иштери токтотулганын маалымдаган. Мындан сырткары, атайын кызмат экс-премьер-министр мамлекеттик бюджетке өз каалоосу менен 100 млн сом которо тургандыгы белгиленген.

Тема боюнча:

Бабанов «Кумтөр» иши боюнча айыптарды «суу кечпеген жүйөө» деп атады

Бабанов өзүн күнөөлүү деп эсептебегендиктен тергөө менен кызматташпайт — адвокат

«100 млн сом төлөп бермей болду». Бабановдун кылмыш иштери токтотулду