Садыр Жапаров: Июнь окуялары чоң сабак болууга тийиш

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров июнь окуясынын 11 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Анда ал коогалаңда «шейит кеткендердин элеси түбөлүкө сакталаарын» айтып, «июнь окуялары чоң сабак болууга тийиш» деп билдирди.

«Тарыхтын бул кайгылуу сыноосу бабалардан мураска калган сүйүктүү Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн ынтымагыбызды арттырып, биримдигибизди бекемдөө зарыл экенин дагы бир жолу ырастады [...] Андай апаат, бир тууган элдерди кырды, бычак түшүргөн андай каргаша экинчи кайталанбасын деп тилек кылабыз. Бизге ар тараптан колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка дагы бир жолу ыраазычылык билдирем», — деди ал.

Ошондой эле, өлкө башчысы Ош, Жалал-Абад облустарынын көп улуттуу болгону — өлкөнүн байлыгы экенин белгиледи.


«Ар бир этностук топ өзүнүн маданиятын, тилин, каада-салттарын сактоо менен мекенибиз Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жатышат. Бүгүн биз биримдикти чыңдоо менен, бир эл, бир өлкө катары келечекке багыт алуубуз зарыл. Бири-бирибизге болгон сый-урмат, жардам, ишеним аркылуу биз чон-чоң ийгиликтерди жаратып жатабыз. Биздин күч — биримдикте!» — деди Жапаров.


Мындан сырткары, Жапаров «Биздин өнүгүүбүз региондогу коңшулар менен достукка, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен өз ара пайдалуу кызматташтыкка багытталган» деп белгилеп, «шейит кеткендердин элеси дайыма жүрөгүбүздө сакталат» деп айтты.

Бүгүн Ош шаарындагы «Энелердин көз жашы» монументинде улуттар аралык кагылышууда шейит кеткендер эскерилип, аларга куран окулду. Президент Садыр Жапаров эскерүү иш-чарасына барган жок — ал Түркияга иш-сапары менен кеткен.

Ош жана Жалал-Абад облустарында орун алган июнь коогалаңына быйыл он бир жылдын жүзү болду. 2010-жылдын 10-июнунда улуттар аралык жаңжал чыгып, ал үч күнгө созулган. Кырдаал 14-июнь күнү эртең менен турукташкан.

Расмий маалыматтар боюнча, июнь окуясында 447 киши каза болуп, 1500ден ашык киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Расмий эмес маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 2000 кишиден ашкан.

Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетине 2010-жылдагы июнь окуяларына байланышкан материалдарды изилдеп чыгуу тапшырмасын берген.