Жапонияга каршы футбол матчында Кыргызстандын дарбазасын Павел Матяш коргомой болду

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо матчында эки оюн көргөздү, экөөндө тең команда дарбазачысы жок ойноду.

Мындай окуя кайталанбашы үчүн алдыда жапон командасы менен боло турчу оюнга кыргыз футболчуларына жардамга дарбазачы Павел Матяш жөнөтүлдү. Бул тууралуу басма сөз жыйында «Кыргыз футбол союзунун» юридика бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуев билдирди.

«Павел Матяш кеңейтилген тизмеде болчу. Бүгүн [11-июнда] ал учуп барат, жапон тарапка кабар берилген. Биздин тренерлик штабга дагы эскертилген. Ал Жапонияга барган соң үч күн карантинде болот. Жыйынтыктоочу матчка чыгат», — деп түшүндүрдү Букуев.

7-июнда Монголия курамасы менен ойноп, кыргыз футболчулары жеңилип калганда кыргыз курамасынын дарбазасында коргоочу Айзар Акматов турган. Ал эми 11-июнда Мьянманы 8:1 эсеби менен женгенде Акматовдун ордуна дарбазаны чабуулчу Эрнис Батырканов коргогон.

Бул жагдай негизги курамдын дарбазачыларынын баары коронавируска шектелип оюн талаасына чыгарылбай калгандыктан жаралган. Covid-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам F тобундагы жыйынтыктоочу матчтардын баары Жапониянын Осака шаарында өтүүдө, ага ылайык, кыргызстандык команданын курамын тез аранын ичинде толуктоо мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Дагы караңыз:Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Мьянманын таш-талканын чыгарды