Ош: «Алай» футбол клубунун жетекчилиги алмашты

«Алай» футбол клубунун оюнчулары. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop

Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадионунун жана муниципалдык «Алай» футбол клубунун башчысы Алмазбек Сулайманов 11-июнда жазган арызынын негизинде кызматынан кетти. Тиешелүү буйрукка калаа мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду.

Сулаймановдун ордуна клубдун жана стадиондун жетекчиси болуп Улан Алымканов келди. Мэриядан Алымканов кызматка «спорт тармагындагы уюштуруучулук иштери эске алынып дайындалганын» билдиришти.

Алымканов тууралуу ачык булактарда маалымат жокко эсе — ал «Номад спорт клубу» коомдук бирикмесинин жетекчиси экени гана белгилүү.

«Алай» футбол клубунун жетекчиликке нараазычылыгы

Аталган клубдун оюнчулары бир жыл мурда бир нече айдан бери айлык маяна алышпаганын айтып, жетекчилигине нараазы болушкан. Алар клубдун вице-президенти Сеит Аматовду кызматтан алууну, жетекчиликти алмаштырууну талап кылышкан.

«Бул нааразычылык айлыктын айынан эле чыгып жаткан жок. Бардык көйгөйлөр чогулуп калган. Былтыры, мурдагы жылы дагы ушундай нерселер болгон. Жетекчилик тарабынан айлыкты бербей, айыппул салып, башаламандыктар болуп келет. Азыр оюнчулар “Алайдын” вице-президенти Сейит Аматовго нааразы болуп, мэрге келишти. Клуб өнүгүш үчүн жаңыланыш керек», — деп билдиришкен анда оюнчулар.

Ош мэриясынан клубдун вице-президенти кызматы расмий документте эмес, оозеки аталып келгенин, мындан ары Аматовдун да клубка тиешеси жоктугун айтышты.

«Алай» 1960-жылы негизделген. Ал Ош мэриясына карайт жана жергиликтүү казынадан каржыланат. Клуб Ош шаарынын атынан Кыргызстандын Премьер Лигасында – өлкөнүн жогорку футбол дивизионунда ойнойт.Дагы окуңуз:

Аматовдордун кланы, Ош мэриясы, «Алай» футбол клубу. Ыдырыс Исаковдун иликтөөсү

Оштун «Алай» футбол клубу жаңы машыктыруучу менен келишим түздү

«Алайдын» футболчулары бир нече айдан бери айлык ала электигине даттанышты