Батир, коттеж жана унаалар. УКМК Бишкектин экс-вице-мэрин мыйзамсыз баюуга шектеп жатат

УКМКнын басма сөз кызматы ведомство Бишкектин экс-вице-мэри Улан Азыгалиев мыйзамсыз байыганы боюнча фактыларды аныктаганын билдирди.

Тергөөнүн версиясына ылайык, ал Бишкек мэриясынын муниципалдык жерлерди курулуш компанияларына көп кабаттуу элиталуу турак жайлардын курулушуна берүү боюнча коррупциялык схемага аралашкан.

Мурдараак УКМК курулуш компаниялары менен биргеликте коррупцияга аралашып, мыйзамсыз байыган деген шек менен Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовду кармаган.

Тема боюнча: Суракматовго байланышы бар делген компаниялардын башында кимдер турат?

УКМКнын маалыматына ылайык, Азыгалиев Суракматовдун командасында иштеген жана «мыйзамсыз баюу, материалдык баалуулуктар менен артыкчылыктарга ээ болуу максатында муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы иштеп кызмат абалын пайдаланган».

Атайын кызматтан билдиришкендей, мындай иштин натыйжасында Азыгалиевдин жакын туугандарына жана аны менен байланышкан адамдарга төмөнкүлөр каттатылган:

  • Бишкек жана Ысык-Көл облусунда 7 жер тилкеси;
  • 11 кеңсе жана 4 жашоого ылайыкталбаган орун жай;
  • 11 батир;
  • 10 унаа токтотуучу жай;
  • Ысык-Көл облусунун аймагында 2 коттеж;
  • кымбат баалуу 5 автоунаа.

Мындан тышкары, ведомство Азыгалиевдин жана анын жакын туугандарынын активдери «негиздүү кирешелери жок болуп туруп» кескин көбөйгөнүн аныктаган. Анын байлыгы 100 миллион сомдон ашык каражатка бааланган.

Азыгалиев деген ким?

Азыгалиев муниципалитетке дайындалганга чейин 10 жылдан ашык Бишкек боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгында жетекчинин орун басары жана башкармалыктын жетекчиси кызматында иштегени белгилүү.

2012-жылы ал Бишкектин башкы архитекторунун орун басары болгон, андан кийин Мамкурулуштун Мамлекеттик экспертиза мекемесинин директорунун орун басары болгон.2014-жылы Азыгалиев Кыргызстандын өкмөттүк аппаратынын курулуш, транспорт жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперттик кызматына алынган, андан кийин Мамкурулушка караштуу Титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директорлук кызматына дайындалган.

2019-жылы февралда Азыгалиев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалган. Мэрияда Азыгалиев көчөлөрдүн бирин кеңейтүү үчүн Ботаника бакчасынын бир бөлүгүн сүрдүрүп салуу демилгесин айтып чыкканы менен эсте калган. Ошондой эле активисттерге ал Бишкекте акыр түбү жер алдындагы өтмөктөрдө майыптар үчүн көтөргүчтөр иштеп баштаарын убада кылган, бирок ал убада ошол бойдон аткарылган деле эмес.

Ал 2020-жылы кызматынан кеткенден кийин эмне иш кылып жүргөнү белгисиз. Юстиция министрлигинин базасында Азыгалиев — «“Приоритет” Окутуу-тарбия берүү комплексинин» негиздөөчүлөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн.