Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн мелдеште алтын медаль утту

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Польшада кыз-келиндер арасында өткөн «Poland Open-2021» эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болду.

Мелдештин биринчи күнүндө Тыныбекова 62 килограм салмакка чейинки таймашка чыгып, үч беттеш өткөргөн.

Ал эми мелдештин чейрек финалында кыргызстандык балбан орусиялык атаандашы Любовь Овчарованы жеңген. Андан кийин Тыныбекова жарым финалга чыгып, дагы бир оруссиялык спортчу Светлана Липатованы 3:1 эсебинде жеңип, финалга чыккан.

Финалдык кармашта кыргызстандык спортчу канадалык спортчу Анна Паула Годинез Гонзалез менен күч сынашкан. Таймаш 7:1 эсебинде Тыныбекованын ишенимдүү жеңиши менен аяктаган.

Тыныбекова — эркин күрөш боюнча чебер жана Азиянын үч жолку чемпиону. Ошондой эле, ал күрөш боюнча 2019-жылы сентябрда дүйнө чемпиону болгон.

Балбан кыз United World Wrestlingдин дүйнөдөгү эң мыкты балбан кыз-келиндеринин тизмесинин сап башына чыккан. 2020-жылдын башында Тыныбекова Италияда өткөн эл аралык турнирде алтын медал тагынган.

Мындан сырткары, 2020-жылдын 5-декабрында кыз-келиндер күрөшүнүн жылдыздарынын арасында өткөн United World Wrestling виртуалдык турниринде жеңишке жеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча төртүнчү жолу Азия чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова Украинада өткөн мелдеште алтын тагынды