Ысык Көл: Жогорку ылдамдыкта бараткан унаа кырсыкка кабылып, эки адам каза тапты

Жол кырсыгынан кийин тарбылган кадр. Сүрөт: ӨКМ

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгы катталып эки киши каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

16-июнда түнкү саат 01:00 чамасында Балыкчы — Ананьев — Каракол унаа жолунун 187-чакырымында «Субару Легаси» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип бак-дарактарды сүзгөн.

Кырсыктан унаанын 29 жаштагы айдоочусу жана 18 жаштагы жүргүнчү мерт кетти. Ошондой эле 18 жаштагы дагы бир киши жаракат алып, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Анын абалы «оор» деп бааланууда.

«Жаракат алган жаран райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бейтаптын оң бутунун жоон сөөгү сынып, денесинен жаракат алган. Учурда абалы оор», — дешти дарыгерлер «Турмуш» басылмасына курган маегинде.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Түр райондук бөлүмүнүн кызматкерлери унаа «жогорку ылдамдыкта бара жаткан» деп билдиришти.

Төрт күн мурда Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун Сары-Камыш айылынын аймагында «Фольксваген-Пассат» жана «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаалары кагышып, 33 жаштагы аял эки кызы менен набыт болгон. Каза болгон аялдын 2015-жылы туулган дагы бир баласы ооруканага жеткирилген.

Жыл башынан бери адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйгөн. Июнь айынын башында президент Садыр Жапаровду коштогон унаалардын бири аварияга учураган. Кырсыктан Жапаровдун дарыгери каза таап, дагы үч адам жабыркаган.

14-июнда Жапаров Ички иштер министрлигине жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар копмплексин күчөтүүнү тапшырган.