Бишкек: Соттун алдына Асылбек Жээнбековдун агасы жана тарапташтары чогулду

Бишкек шаардык соту 18-июнда депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун «Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча бөгөт чарасын өзгөртүүнү карап жатат.

Соттун имаратынын алдында депутаттардын тарапташтары чогулуп, эл өкүлдөрүн бошотууну талап кылышууда. Чогулгандардын арасында Асылбек Жээнбековдун агасы — Жусупбек Шарипов дагы бар, ал сот имаратына кирип кетти.

Депутаттар Жээнбеков менен Зулпукаровду УКМКнын кызматкерлери 2021-жылдын 31-майында кармашкан. Ошол эле күнү кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту парламентарийлерди эки айга УКМКнын ТИЗОсуна камакка алганы белгилүү болгон.

УКМК кызматкерлери «Кумтөр» иши боюнча «Коррупция» беренеси менен азыркы жана мурунку бир катар саясатчыларды кармаган. Арасында экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов жана Мухаммедкалый Абылгазиев дагы бар.

«Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча депутаттардын ичинен Талантбек Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана экс-депутат Исхак Пирматов кармалган.

«Кумтөрдүн» айланасындагы чуулар

«Кумтөрдүн» айланасындагы чыр бир нече аптадан кийин башталган — бул 6-майда парламент депутаттары жеке компанияда сырткы мамлекеттик башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алышкандан кийин болгон.

Дагы бир апта өткөн соң, 12-майда «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия ишинин алдын-ала жыйынтыгын жарыялаган. Анда комиссия мүчөлөрү компаниядан 459 млрд сом же 4 млрд 252 млн доллар өндүрүп алууну сунушташкан.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Натыйжада бийлик «Кумтөр Голд Компаниге» тышкы башкаруучуну дайыдашкан. Ал Канаданын Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон Канаданын жараны Теңгиз Бөлтүрүк болгон.

Мындай чечим канадалык компанияны — Centerra Gold Inc — канааттандырган эмес. Компания кыргыз өкмөтүн Арбитраждык сотко берерин билдирген. Centerra республика өкмөтүнүн иш-аракети тараптар ортосундагы кол коюлган келишимдерди бузат деп эсептейт.

Ошол эле учурда, Канада компаниясы өкмөт аларга кайрылса «конструктивдик» диалогго даяр экенин билдирген.

Башкы сүрөт: Akipress.