Бишкек шаардык сотунун алдында Бабановдун 100дөгөн тарапташы чогулду. Сот жабык өтүп жатат

Сүрөт: Айдай Токоева/Kloop

22-июнда Бишкек шаардык соту «Кумтөр иши» боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын жабык карап жатат.

Соттук отурумга Бабановдун жубайы жана уулу катышуу ниетин билдиришкен, бирок милиционерлер алардын кирүүсүнө тоскоолдук кылышкан. Бирок Бабановдун тарапташтары буга нааразы болуп киргизүүнү талап кылышкан. Ошондон кийин гана саясатчынын жубайы менен уулуна отурумга катышууга уруксат берилген.

Бабановдун сотуна депутаттар Мирлан Жээнчороев жана Мирлан Тотоновдор келген, бирок алар сот залына киргизилген жок.

Мындан башка соттун имаратынын алдында Бабановдун 100дөгөн тарапташы чогулуп, «Бошот!», «Бабановго ишенем», «Сот көзүңдү ач!» жана башка транспоранттарды көтөрүп алып, «Үй камагына чыксын!», «Боштондук!», «Адилет сот!», «Ачык сот» деген ураандарды кыйкырып турушат.

Митингге келген Талас шаарынын депутаты Адилет Токторбаев Өмүрбек Бабановдун «Кумтөрдөгү коррупцияга» эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

«Өмүрбек Бабановдун бир дагы кылмыш иши жок. Ушундай таза адам камалып жатканы адамдын жаны кашайат. Мен Бабановдун боштондугун гана талап кылам. Бабанов бийликте турганда чет жакта иштеп жүргөн мигранттарга кандай жардам кылып жатты. Азыркы бийликтин «Кумтөр иши» боюнча өздөрүнүн тиешеси бар да, ошондуктан таза адамдарды камап жатат. Өздөрүнүн чыныгы жүзүн жашырыш үчүн», — деди ал.

Бабановдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчкө Жогорку Кеңештин 74 депутатты колдоп кол коюп беришкен. Мындан улам

Бабановдун адвокаттары саясатчыны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

Бабановдун кармалышы

Өмүрбек Бабанов үстүбүздөгү жылдын 31-майында «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Анда атайын кызмат Бабанов «тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде» кармалганын билдирген.

Ал эми Абдрахманов Өмүрбек Бабанов өзүн «Кумтөр» иши боюнча күнөөлүү деп эсептебей тургандыгын жана тергөө менен кызматташууга барбай тургандыгын айткан. Анын айтымында, экс-премьер протоколго дагы кайсы кылмышка шектеп жатканы түшүнүксүз экенин жазып берген.

7-июнда Бабанов УКМК ТИЗОсунан кат жазган. Анда ага тагылган айыпты «абсурд деп атап», айып таккан тарап «суу кечпеген жүйөө келтирип жатат» деп жазган.

Андан сырткары, саясатчы судья отурумга ЖМК өкүлдөрүн киргизбей, андан кийин жыйындын видеотасмасын техникалык себептерге таянып бербей койгонуна нааразы болгон. Бабанов сот процессине журналисттер киргизилиши керектигин айткан.

Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери

Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иштери 2017-жылдагы президенттик шайлоо убагында козголо баштаган. Ал бийликчил партиянын талапкери Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Жээнбековду шайлоо капманиясы учурунда ошол убакта президент Алмазбек Атамбаев колдоп турган.

Теледебаттардын биринде Сооронай Жээнбеков экс-премьерди камай турганын айткан. Шайлоо алдында Бабановго эки кылмыш иши козголгон.

Шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкенден кийин Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. Андан соң саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.

Кийин ал кайтып келип, Атамбаев менен Жээнбеков тараптан үй-бүлөсүнө карата коркутуулар айтылгандыктан өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан.

Бабанов 2017-жылдан тартып Москвада жашап, эки жылдан соң саясатка кайтып келбейм деген убадасынан кийин Кыргызстанга келген. Анын айтымында, ушул убадалашуудан кийин ага карата козголгон кылмыш иштери кыскартылмак.

УКМК 24-мартта Бабановго карата сотко чейинки өндүрүш иштери токтотулгандыгын маалымдаган. Мындан сырткары, атайын кызмат экс-премьер-министр мамлекеттик бюджетке өз калоосу менен колдоо максатында 100 млн сом которо тургандыгы белгиленген.