«Ата Мекендеги» кризис. Фракция бир жыл ичинде үч лидер алмаштырды

Депутат Наталья Никитенко парламенттин 23-июндагы жыйынында «Ата Мекен» фракциясында лидер алмашканын билдирди. Сайдулла Нышановдун ордуна Шералы Абдылдаев шайланды.

Бирок Нышанов буга макул болбой, лидерди алмаштыруу чечимин мыйзамсыз деп билдирди. Фракция мүчөлөрү кайым айтышып, андан улам парламент жыйыны 10 мүнөткө токтотулду.

Ишеним көрсөтпөө

Никитенконун айтымында, 21-июнда «Ата Мекен» фракциясынын жыйыны өтүп, жыйында фракция лидери Сайдулла Нышановдун ыйгарымын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынган. Фракция мүчөлөрү ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышкан.

«Аталган чечим жыйынга катышкан фракция мүчөлөрүнүн көпчүлүк добуштары менен колдоо тапкан [...] “Ата Мекен” фракциясында 11 мүчө бар. Демек, ал боюнча фракциянын 7 мүчөсү аталган чечимге добуш берген — бул үчтөн экиси», — деди ал.

22-июнда фракция лидерлигие депутат Шералы Абдылдаев шайланган.

«Бул мыйзамсыз»

Нашынов өз кезегинде аны «Ата Мекен» фракциясынын лидерлигинен алуу жана ага ишеним көрсөтпөө чечими жетиштүү добуш албаганын билдирди.

«Бизде 11 депутат бар, лидерге ишеним көрсөтпөө чечимин үчтөн экиси колдошу керек. Башкача айтканда, 8 депутат добуш бериши керек болсо, иш жүзүндө 7 гана добуш берилген»,— деди Нышанов.

Ал фракция лидерин алмаштырууга юридикалык баа берүүгө чакырды.

Кайым айтыш

Лидер алмашылганы жарыялангандан кийин депутаттар Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашова, Сайдулла Нышанов жана Шайлообек Атазовдун ортосунда жаңжал чыкты. Атазов Нышанов алынганга чейин анын орун басары болгон.

Жыйынтыгында Атазов Нышановго болушуп, партия талапкерлердин тизмесиндеги алдыңкы ондуктагы эл өкүлдөрүн артка чакыртышы керек деп билдирди.

«Негизи кээ бир партиялардагы 315 добуш алып алдыңкы ондукта отургандардын баарын кетириш, 300 миң доллар таштап коюп Дубайда ойноп жүрөт экенсиңер. Аркадагы 30-40ы [партиянын тизмесиндегилер] бүт бардыгы добуш алып келет. Силер бул жерде талтаңдап отурасыңар беш жылдан бери. Негизи фракция лидерин шайлоодо алты добуш алган. Эми бул жакка алып туруп, муну көтөрбөш керек эле. Бардыгыңарды, мына ондуктун баарын, керек болсо аркага тартыш керек*. Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз жок болуп жатпайбы», — деди Атазов.

*Партиянын 2015-жылдагы тизмесинде алдыңкы ондукта төрт гана адам калган — Наталья Никитенко (тизмеде №4), Бахадыр Сулейманов (№7), Айсулуу Мамашова (№8) жана Сайдулла Нышанов (№9).

Жыйынга төрагалык кылган вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев маселени фракция ичинде чечүүнү сунуштап, 10 мүнөттүк танапис жарыялады. Кийин жыйын улантылды.

«Ата Мекен» партиясынын ыдыроосу

«Ата Мекен» — парламенттеги жалгыз оппозициялык партия. Анын лидери көп жылдан бери депутат Өмүрбек Текебаев болуп келген. Партия Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевдин убагында дагы оппозицияда болчу.

Атамбаев президент болуп турган убакта Текебаев аны менен ачык тирешке өткөн. Ал убакта Текебаев баштаган «Ата Мекен» партиясы Атамбаев демилгелеген Конституцияга түзөтүүлөргө каршы чыккан.

2017-жылы февралда Текебаев коррупция шектелип кармалып, 2019-жылы август айында гана, Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенде үй камагына чыгарылган. Ошол эле 2019-жылы Текебаевге карата өкүмдөр жокко чыгарылып, анын иши кайра кароого жөнөтүлгөн.

Партия болсо чачырай баштаган: 2019-жылдын декабрь айынын аягында фракция лидери жана партия мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Текебаев менен пикир келишпестиктерден улам «Ата Мекен» партиясынан кеткен. Анын айтымында, экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктер «үч уктаса түшүнө кирген эмес». Аны менен катар партиядан Ташполот Балтабаев, Талант Узакбаев, Рысбек Мырзаматов жана Болот Шер кеткен.

2020-жылы октябрда БШК Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берген — саясатчынын пайдасына депутат Садык Шер-Нияз мандатынан баш тарткан. Бирок кийин активист жана поэт Темирлан Ормуков Текебаев мандатты мыйзамсыз алган деп БШКнын чечиминин үстүнөн сотко арызданган. Жыйынтыгында Ормуков соттон утуп, мандат Шералы Абдылдаевге өткөн.

Текебаев кеткенден кийин 5-январда фракция лидери болуп Айсулуу Мамашева шайланган. Ал эми «Ата Мекен» фракциясынын жаңы лидери болуп Сайдулла Нышанов шайланган. Ал эми анын орун басарлыгына Шайлообек Атазов келген.

ТЕМА БОЮНЧА: «Ата Мекен» фракциясынын лидери Нышанов, анын орун басары Атазов болду