Семетей Козуев президентке аткаминерлер ишкерлерден «доля сурап жатат» деп даттанды

Президент Садыр Жапаров экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров менен 23-июнда бизнес-коомчулук менен жолугушуу өткөрдү. Анда «Россия Нефть» ЖЧКсынын өкүлү Семетей Козуев мамишканалар ишкерлерден «доля сурап жатканын» айтып нааразы болду.

Козуев май куюучу жайды ачуу үчүн 5-6 мекемеден уруксат алуу керектигин билдирди. Анын айтымында, аткаминерлер ишкерлерди колдоонун ордуна «доляга» отуруу үчүн соодалашууда.

«Ар биринде “азамат” деп, желкеден таптап “сен ушунча жумуш орун түзөсүң, мамлекетке салык төлөйсүң” деп туруп колдогону жок да. Бир гана соодалашмай, бир гана “доля” сурамай [...] Кадимкидей соодалашат. Товарды бир жерден алып келип сатып жатканда “ага болбойт, мынчага болот” [дейт]. Болбосо бир-эки жыл жүрө бересиң ошол ишти аткара албай. Баарыны мыйзамдуу кылмак дагы, эптеп “долясын” алып туруп, “конвертбайлар ушинтип жашап жатышат”», — деди Козуев.

Мындан сырткары Семетей Козуев көмүр карьер ачуу үчүн 200 миң доллар инвестиция кылганын, бирок «доля» берүүдөн баш тарткандыктан бул иш эки жылдан бери жылбай жатканын айтты.

«Мен жол салып, 10 чакырымдан ашкандан кийин менин ишимди токтотушту. Мен “доля” бербей эки жылдан бери жүрөм. Оштун экотехинспекциясы ал жолду монополия кылып алган. Жетекчиси канча жылдан бери ошол жерде иштейт, бир нерсени чечпейт», — деди ал.

Министр Акылбек Жапаров мындай көрүнүштөрдү жоюу үчүн механизмдер иштелип жатканын билдирди. Ошондой эле Жапаров Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Динара Кутмановага кайрылып, Оштун экотехинспеция башкармалыгынын жетекчиси буга чейин айтылган иштерди жасаган болсо иштен алууну тапшырды.

Семетей Козуев «Россия Нефть» компаниясынын стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы. Аталган компанияга анын агасы Алишер Козуев ээлик кылат.

2020-жылы журналисттер «Россия Нефть» компаниясынын негиздөөчүсү катары экс-бажычы Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова (Сулайманова) көрсөтүлгөнүн аныкташкан. Ошондой эле журналисттер Ош шаарындагы бир нече муниципалдык мекемелер бир жылдан ашуун убакыт бир гана «Россия Нефттин» күйүүчү майын сатып алып жүргөнүн ашкерелеген.

Кийинчерээк Алишер Козуев «Клоопко» маек куруп, Уулкан Тургунова «Россия Нефть» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн катарында төрт күн гана болгонун билдирген. Козуевдин айтымында, эки тарап «келише албай койгондуктан» келишим жокко чыгарылган.

Өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Алишер Козуев Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен аттанган. Ал эми ошол эле жылы Ош шаардык кеңешине Семетей Козуев да «Мекеним Кыргызстандан» талапкер болгон. Бирок пандемияга байланыштуу шайлоо жылган.

Козуевдер Матраимов камалганда социалдык тармактарда колдоп келишкен. Семетей Козуев Матраимовдордун «Исмаил-Ата» кайрымдуулук фонду уюштурган иш-чараларга да катышып келет.

2021-жылы Семетей Козуев Ош шаардык кеңешине «Ынтымак» партиясы менен аттанып жатат. Аталган партияны депутат Марлен Маматалиев жетектейт. Маматалиев да парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Ош-Тазалык» күйүүчү майды бир жарым жылдан бери бир гана Райымбек Матраимовдун жубайынын компаниясынан сатып алууда

Алишер Козуев: Матраимовдун жубайы менен өнөктөштүк ишке ашкан жок, «Мекеним Кыргызстан» админресурс колдонгон эмес

Массалык мушташ, таасирлүү клан. «Мекеним Кыргызстан» партиясы жөнүндө айтып беребиз