Ысык-Атада 39 жаштагы аял пикир келишпестиктен улам инисин муунтуп өлтүрдү

Шектүү. Сүрөт: Чүй ОИИБ

Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун 36 жаштагы тургуну киши колдуу болду. Анын өлүмүнө шектелип 39 жаштагы бир тууган эжеси кармалды. Ал пикир келишпестиктен улам инисин муунтуп салганы кабарланды.

Чүй ОИИБден билдиришкендей, милицияга 30-июнда Сары-Жон айылындагы сарайлардын биринен эркек кишинин денеси табылганы боюнча кабар келип түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, сөөккө сыртынан кароо жүргүзгөн учурда, маркумдун денесинде жарааттары бар экени байкалган.

«Маркум 2021-жылдын 29-июнунда жаза өтөөчү мекемелердин биринен бошотулуп, жакындары менен түлөө өткөргөн. Эртеси эжеси экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, эжеси аны жип менен муунтуп салган», — деп жазылат Чүй ОИИБи тараткан маалыматта.

Бул окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестирине «Киши өлтүрүү — башка кишинин өмүрүн кыюу» беренеси боюнча катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин 21-июнда Чүй облусунун Кемин районунда 16 жаштагы мектеп окуучусу муунтуп өлтүрүлгөн. Кылмышка шектелип мурда бейбаштык жана алдамчылык боюнча соттолгон 42 жаштагы киши кармалган.

Ошондой эле 21-июнда пикир келишпестиктен улам Өзгөн районундагы Досмат айылынын 18 жаштагы тургуну ок жеп каза тапкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Сөөктү токойго ыргытып жиберген». Кеминде 16 жаштагы окуучу кыз муунтуп өлтүрүлдү

Өзгөндө «пикир келишпестиктен» улам 18 жаштагы тургун ок жеп каза тапты

Ат-Башы районунда кайнагасы келинин өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйды