Тажикстанда чек арадагы куралдуу жаңжалдан талкаланган турак үйлөр калыбына келтирилди

Сүрөт: «Озоди»

Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш Чорку аймагында 28-30-апрелдеги чек арадагы куралдуу жаңжалдан талкаланган турак үйлөр калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Озоди» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, жаңжалдан тажик тараптан жалпы 22 үй талкаланган — анын 16сы Сомониенде, алтоо Ходжаи Аълодо. Ал эми 2-июлда жаңы үйлөрдүн ачкычтары ээлерине салтанаттуу түрдө тапшырылган. Иш-чарага Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода катышып, үй ээлерине азык-түлүк, кийим-кече жана үй тиричилик буюмдарын тапшырган.

Үйлөрдү жаңылоого мамлекеттин тышкары коомдук уюмдар жана жергиликтүү тургундар салым кошкону айтылууда. Тажик жарандарына жаңы салынган үйлөр эки бөлмө, коридор жана верандадан турат. Бул үйлөрдү салууга болжол менен 130 миң сомони (11,5 миң доллар) сарпталган.

Иш-чарага катышкан журналисттер айрым үйлөрдүн короолорунда дагы деле курулуш иши жүрүп жатканын байкашкан. Бул үйлөрдөн тышкары, Тажикстанда дагы 30 жакын турак жай жарым-жартылай жабыркаганы кабарланууда.

Кыргызстандагы кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү

Ал эми Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тажикстандын аскерий агрессиясынан 129 турай үй жана 84 объектилер талкаланганын билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Лейлек районунун жашоочулары менен 3-майдагы жолугушуу учурунда Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүнгөнүн айткан.

«Анын 500 млн сому социалдык объектилерди (мектептер, бала бакчалар, жолдор) курууга жана ремонттоого жумшалат, ал эми калган 200 млн сому талкаланган жана өрттөлгөн турак-жайларды калыбына келтирүүгө багытталат», — деп билдирген Марипов.

Ошондой эле, Марипов 4-майда Көк-Таш айылынын тургундары менен болгон жоолугушуусунда үйү бузулуп же күйүп кеткендердин бардыгына жаңы үй курулуп берилерин айткан.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы учурда Баткен облусунда 136 үй салынып жатканын кабарлады. Ал эми куралдуу жаңжалда каза болгон тургундардын жаңы үйлөрүнүн курулушу аяктоо алдында турат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик