Парламент кезексиз сессиясын ачты, жыйынга кылмыш иши козголгон Абжалиев да келди

Жогорку Кеңеш 5-июлда кезексиз сессияса чогулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына ылайык, сессия 30-июлга чейин уланат.

«Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргызстандагы пандемияга байланыштуу оор кырдаалды эске алып, эмгек өргүүгө чыкпастан, колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл экенин белгилеп, кезексиз сессия чакыртууну сунушташкан», — деп айтылат билдирүүдө.

Депутат Дастан Бекешев телеграм-каналында сессиянын ачылышынан кийин парламент комитеттери кайрадан өз жыйындарын өткөрө алышарын кабарлады.

«Депутаттар июль аяктаганга чейин иштешет, мыйзамдарды кабыл алышат. Көбүнесе бул Кылмыш кодекси, парламентке келип түшкөн Шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзам жана министрлер кабинети жөнүндө мыйзам», — деди Бекешев.

Кезексиз сессиянын ачылышында депуттар көп деле болгон жок. Бирок Жогорку Кеңештин YouTube каналында жарык көргөн видеого ылайык, сессиянын ачылышына депутат Алиярбек Абжалиев да келгенин көрүүгө болот.

Депутат Алиярбек Абжалиев 2021-жылдын 5-июлундагы парламенттин кезексиз сессиясынын ачылышында.

2021-жылдын мартында УКМК Абжалиевди мыйзамсыз баюуга шектеп кылмыш ишин козгогон болчу.

«Абжалиев экс-президент [Сооронбай Жээнбеков] менен тууганчылык байланышын колдонуп, маморгандардын ишине дайыма кийлигишип, ошол эле кезде мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келсе да жеке түзүмдөрдүн кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөн», — деп билдиришкен УКМКдан.

Андан кийин эле жергиликтүү басылмалар эл өкүлү Кыргызстандан чыгып кеткенин жазышкан. Ал эми үстүбүздөгү жылдын июнунда Абжалиев мамлкетке 20 млн сом төгүп бергени маалым болгон. Бирок УКМК депутат кармалбаганын кошумчалаган.