Тажикстандын өтүнүчү менен кармалган Эсен Мажитов эч жака кетпөө тилкаты менен бошотулду

Эсен Мажитов

Тажикстандын күч органдарынын өтүнүчү менен Орусиянын Нижний Новгород шаарында кармалган кыргызстандык Эсен Мажитов эч жака кетпөө тилкаты менен бошотулду. Ал 18-апрелде орус полиция тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген болчу.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен Мажитовду Тажикстанга экстрадициялоо маселеси каралып бүтө электигин билдиришти.

Тажик тарап Мажитовду эмнеге айыптап жатат?

Өткөн жылдын 8-майында Баткен районунун Чек аймагы менен Тажикстандын Исфара районунун Кумазор айыл тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Жаңжалга такталбаган жердин талашка түшкөнү себеп болгон. Кайым айтышуу таш ыргытууга айланып, кийинчерээк ок да атылган.

Чырдан улам Көк-Таш айылындагы чек арага чектеш жайгашкан Мажитовдордун беш бөлмөлүү үйү өрттөлгөн. Үй менен кошо үй-бүлө мүчөлөрүнүн документтери, кийим-кечеси, буюмдары жана чогултуп жүргөн акча каражаттары да өрттөнүп кеткен.

Баш паанексиз калган үй-бүлөгө жергиликтүү бийлик, боорукер адамдар жана бир катар коомдук уюмдар да акчалай жардам берип, төрт айдын ичинде Мажитовдор үйлүү болушкан.

Үйдүн ээси Эсен Мажитов үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Орусияга эмгек миграцияга жөнөп кеткен. Ошол эле күнү аэропорттон Орусиянын күч органдары тарабынан кармалган. Буга Тажикстандын Исфара шаарынын прокуратурасы Мажитовго козгогон кылмыш иши негиз болгон.

Прокуратуранын кылмыш иши боюнча токтомунда «Мажитов Исфаранын тургунунун 0,60 гектар менчик чарба жерине өз алдынча жүгөрү эгип», «ал баштаган кишилер чек арадагы кырдаалды курчутуканы» жазылган.

Мындан улам өткөн жылдын 5-августунда Тажикстан Мажитовго «Массалык баш аламандыктарды уюштуруу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Мындай учурда 5-12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганы көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын версиясы боюнча, такталбаган 5000 чарчы метр жерди иш жүзүндө кыргызстандыктар иштетип келген. Бирок тажик тарап ошол күнү жерди бошотуп берүүнү жана айдаган эгиндерди бузууну талап кылышкан — ал жерде кыргызстандыктардын 20-30 жылдык бак-дарактары да болгон.

Баткен ОИИБден билдиришкендей, өткөн жылы чек арада чыккан чырдан соң Кыргызстан да Тажикстандын бир нече жаранына карата кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган.

Адилдин президентке кайрылуусу

Мажитов Орусияда кармалгандан кийин анын баласы Адил Абдурахманов президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, чек ара маселесин чечип берүүнү суранган. Кайрылууда ал Тажикстандын чек арасы анын үйүнөн эки метр аралыкта жайгашканын айтып, «бул жакта жашоо коркунучтуу болуп калды» деген.

Аталган кайрылуудан кийин Абдурахмановдун апасына президенттик администрациядан байланышып аны менен өлкө башчысы жолугушуу ниетинде экенин билдиришкен. 6-май күнү Абдурахманов президент менен жолугуу үчүн Бишкекке маршрутка менен келген.

Ал эми 10-майда Жапаров Абдурахманов жана ага жардам берген коомдук ишмер Ассоль Молдокматова менен жолугушуп, Эсен Мажитовдун маселесин толугу менен чечүүнү убада кылган.