Рейхан Инанды: «Күйөөмдү мурда уурдалган адамдардай кылып кыйнашкан»

Бишкекте бир ай мурда Түркиянын атайын кызматты тарабынан уурдалган «Сапат» билим берүү мектептеринин президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды твиттерде күйөөсү кыйноого алынганын билдирди.

«Күйөөм Орхан Инанды Кыргызстандан уурдалгандан туура бир ай өтүп, Түркиядан дайыны чыкты. Силер деле анын абалын көрдүңөр. Оң колу шишип кеткен, таянычы жок жүрө албайт. Бул күйөөмдү мурда уурдалган адамдардай кылып кыйнашканын көрсөтүп турат», — деп билдирди ал.

Орхан Инандынын уурдалышы

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында уурдалган. Буга президент Садыр Жапаров реакция кылып, УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган.

Укук коргоо кызматкерлери Инандыны издеп, ал эми «Сапаттын» кызматкерлери аны Түркиянын атайын кызматы уурдаган деп болжошкон. Ал арада «Сапаттын» жүздөгөн бүтүрүүчүлөрү жана кызматкерлери митингге чыгышып, Инандыны табууну талап кылышкан.

Бул «Сапат» билим берүү мекемелери диний ишмер Фетхуллах Гүлендин Түркияда террористтик деп табылган *ФЕТО кыймылы менен тиешелүү делгенине байланыштуу болгон.

*ФЕТО — түркчөдөн которгондо «Фетхуллахтын террористтик уюму» деп аталат. Түркия 2016-жылы бул уюмду бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап, Гүлен түптөгөн мекемелерди террористтик деп тааныган.

Арадан бир ай өткөн соң Инандынын жубайы менен анын тарапташтарынын кооптонуулары бышыкталган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 6-июлга караган түнү жеке өзү билдирүү жасап, Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан алынып келингенин маалымдаган.

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы (МИТ) «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген. Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин билдирген.

Кыргызстандын бийлиги Эрдогандын билдирүүсүнө 6-июль күнү кечинде гана реакция кылган. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырып, кыргыз жаранын кайтарып берүүгө чакырган.

Элчи буга жооп кылып, Инанды Түркиянын жараны экенин айткан. Ошондой эле. ал Түркия тарап аталган операцияны Кыргызстандын аймагында жүргүзгөнү тууралуу айтпаганын белгилеген.

Бирок тышкы саясий ведомстводон Инандынын кыргыз жараны катары укуктарынын корголушу боюнча бардык чаралар көрүлөөрүн баса белгилешкен.

Кийин президент Садыр Жапаров дагы Инандыга байланышкан окуяга комментарий берген. Ал «Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кыларын» убадалап, түрк тарапка бул боюнча маселе көтөрүлгөнүн билдирген.

УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев 7-июлда парламент жыйынында уурдалган Орхан Инанды өлкөдөн кандайча чыгарылып кеткени боюнча азырынча маалымат жоктугун билдирген.

Ал эми 8-июлда Бишкек ШИИББи Инандынын эки жарандыгы болгонун билдирген. Милициянын маалыматына ылайык, ал мөөнөтү 2024-жылдын 23-сентябрында аяктай турчу Түркиянын жаранынын паспортун алып жүрүп, 2012-жылы Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту менен ID-паспортун алган.

Милициянын маалыматына ылайык, ал Түркия Республикасынын жарандыгынан баш тарткан эмес, кош жарандыкты алып жүргөн.Ошондой эле 8-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Инандыны 2015-жылдан тартып уурдоо аракети болгонун, ал эми атайын кызмат ага жалгыз жүрбөөнү, керек болсо өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштаганын билдирген.

«Керек болсо Кыргызстандан чыгып кетүү сунушу берилген. Анткен менен ал сунуш-пикирлерди «кенебей койду», — деп белгилеген Ташиев.

Ташиевдин маалымат жыйынынан кийин Инандыны колдоо боюнча тынчтык митингине 200гө чукул адам келген. Алар Эркиндик бульварынан Өкмөт үйүнө чейин жөө жүрүш кылып, уурдалган мугалимди кайтарып келүүнү талап кылышкан.

Митингге чыккандар «Бүгүн Инан, эртең Кыргызстан», «Инанды кайтар, жаранды кайтар», «Орхан Инан биздин жаран», «Элдин коопсуздугу өлкөнүн келечеги», «Мугалим мөмөлүү дарак», «Агартуу кызматкерлери коркунучта» деген лозунгдарды айтышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев: Инандыга кеңештерди бергенбиз, өзү кенебей койду

Түрк ЖМКлары: Инанды Түркияга Жапаровдун сапарынын алдында «белек» катары жеткирилген

Камчыбек Ташиев: Орхан Инанды башка мамлекетте жасаган кылмыштары үчүн жооп берип жатат