Ош: «Ынтымактан» талапкер болгон Семетей Козуев шайлоого байкоо жүргүзүүдө

«Клооптун» журналисттери Оштогу №5558 шайлоо участогунда «Ынтымак» партиясынын талапкери Семетей Козуев жана анын тарапташтарын жолуктурду. Аталган партия шайлоого бир күн калганда катышуудан баш тартууга аргасыз болгон. Анткени алардын талапкерлеринин бири добуш сатып алууга шектелип кармалган болчу.

Козуев алгач журналисттерге маек куруудан баш тартып, бирок киийнчерээк шайлоо участокторунда добуш берүү кандай өтүп жатканына көз салып жүргөнүн айтты.

«[Бул участокто] катталбасам дагы шаардык кеңешке катышып жүргөн талапкер катары мен көрүп койгону укугум бар да. Кандай болуп жатат, эмне болуп жатат... Өзүнү таза көрсөткөн партиялар эмне иш аткарып жатышат. Эгерде маалымат болсо сага береттирмин», — деди Козуев.

Ал эми Козуевдин жанында жүргөн киши Ош шаары боюнча «добуш сатып алуулар, шайлоочуларга кысым» тууралуу маалымат бар экенин билдирди.

Андан кийин Козуев жана анын тарапташтары участоктун алдында туруп байкоо жүргүзүп жатышты. Бир аздан кийин Козуев журналисттерге съемка жүргүзүүнү токтотууну талап кылды.

«Ынтымак» партиясы Ош шаардык кеңешке шайлоого катышуудан баш тартууга аргасыз болду. Буга «Жалпы иш» коомдук фонду Борбордук шайлоо комиссиясына жазган арызы себеп болгон.

Өз арызында «Жалпы иш» аталган партиянын талапкери Бахадир Латиханов добуштарды сатып алууга шектелип кармалганына карабастан, Оштун аймактын шайлоо комиссиясы «Ынтымакты» шайлоодон четтетпей жатканын билдирген.

Ал эми Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова ар бир саясий партия талапкерлердин жана өкүлдөрдүн аракеттери үчүн жооптуу экендигин эскертип, «Ынтымак» партиясын шайлоодон чететтүүгө добуш сатып алуу аракеттери негиз болоорун айтты.

Отурумдун аягында «Ынтымак» партиясынын лидери Марлен Маматалиев эгер БШК Ош шаардык аймактык комиссиянын чечимин колдобосо, анда партияга Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуудан баш тартууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранды. Аталган арызды Боршайкомдун мүчөлөрү карап, канаттандыруу чечимин кабыл алышты.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтүүдө.

Ош шаардык кеңешине «Ынтымак» партиясы катышпай турганын эске алганда сегиз партия ат салышат: «Улуу-Журт», «Бир бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Биздин Кыргызстан», «Келечек-Будущее» жана «Нур» партиялары.

Ал эми буга чейин 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы БШК жокко чыгарган. Мындай чечим добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берген бузуулардан — добуш сатып алуу, админресурс, шайлоочуларды жапырт катоодон — улам кабыл алынган.

Семетей Козуев

Семетей Козуев «Россия Нефть» компаниясынын стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы. Аталган компанияга анын агасы Алишер Козуев ээлик кылат.

2020-жылы журналисттер «Россия Нефть» компаниясынын негиздөөчүсү катары экс-бажычы Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова (Сулайманова) көрсөтүлгөнүн аныкташкан. Ошондой эле журналисттер Ош шаарындагы бир нече муниципалдык мекемелер бир жылдан ашуун убакыт бир гана «Россия Нефттин» күйүүчү майын сатып алып жүргөнүн ашкерелеген.

Кийинчерээк Алишер Козуев «Клоопко» маек куруп, Уулкан Тургунова «Россия Нефть» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн катарында төрт күн гана болгонун билдирген. Козуевдин айтымында, эки тарап «келише албай койгондуктан» келишим жокко чыгарылган.

Өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Алишер Козуев Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен аттанган. Ал эми ошол эле жылы Ош шаардык кеңешине Семетей Козуев да «Мекеним Кыргызстандан» талапкер болгон. Бирок пандемияга байланыштуу шайлоо жылган.

Козуевдер Матраимов камалганда социалдык тармактарда колдоп келишкен. Семетей Козуев Матраимовдордун «Исмаил-Ата» кайрымдуулук фонду уюштурган иш-чараларга да катышып келет.