«Ынтымактын» талапкери добуш сатып алууга «далилсиз» шектелип жатканын айтат

Ош шаардык кеңешине «Ынтымак» саясий партиясынан талапкер болгон Толгонай Амирова

Ош шаардык кеңешине «Ынтымак» саясий партиясынан талапкер болгон Толгонай Амирова 11-июлда маалымат жыйын курду. Анда ал добуш сатып алууга шектүү катары «негизсиз» өтүп жаткандыгына даттанды.

Амированын айтымында, милиция анын кеңсесинен жана үйүнөн добуш сатып алуу аракеттери боюнча акча каражаттарды, шайлоочулардын тизмесин же башка далилдерди тапкан эмес.

«Милиция кызматкерлерине ушул берене [добуш сатып алуу — ред. ] коюлсун деген тапшырма берилген окшойт, келип эле ошол беренени коюп иш козгоп коюшту. Менин акча кармаган же бирөөгө акча берип жаткан, таркатып жаткан тууралуу видео же кандайдыр бир далилдер жок негизи. Биздин партияга эч кандай тиешеси жок, үгүтчү да эмес баланын көрсөтмөсү менен мага иш козгоп жатышат», — дейт Амирова.

Ошондой эле, Амирова көрсөтмө берген адамды тааныйт жана кандай максатта мындай кадамга барганын билбейт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, «Ынтымак» саясий партиясынын тарапташтарына карата эки сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Экөө тең далилденип, учурда соттук кароого жөнөтүү алдында турат.

«Анткени тергөө тарабынан добуш сатып алуу үчүн шайлоочуларга акча каражатын тараткан адамдардын жана акча алган адамдардын аты-жөнү аныкталып, суралган. Ал бир нече миллионду түзөт. Балким булар [«Ынтымак» партиясынын өкүлдөрү — ред.] жеңилүү ызасын тартып, ошого ушундай маалымат жыйын куруп, ушундай маалыматтарды берип жатса керек», — деп билдирди Сыдыков.

*«Ынтымак» саясий партиясы шайлоого бир күн калганда Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арыз жазууга аргазсыз болгон. Анткени 7-июлда аталган партиянын талапкери Бахадир Латиханов «добуш салып алуу» беренеси менен кармалган. Мындан улам партияны шайлоодон четтеттүү боюнча «Жалпы иш» коомдук фонду Боршайкомго арыз менен кайрылышкан.

Толгонай Амирова ким?

Амирова — Ош шаарындагы «ДоброMED» медициналык клиникасын жетектейт. Ал 2020-жылы октябрда парламенттик шайлоого экс-бажычы Райымбек Матраимовго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

Өлкөдө шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыктар болуп шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин Амирова жергиликтүү кеңешке «Ынтымак» партиясынын катарына кошулган. Аталган партияны да Матраимовдор менен байланыштырып келишет. Анткени партиянын төрагасы, депутат Марлен Маматалиев да парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен ат салышкан болчу.

Амирова Райымбек Матраимовдун жигердүү тарапташы. Матраимовду колдоо митингдерине катышып, социалдык тармактарда экс-бажычыны колдогон постторду жазып келет. Амирова Матраимовдун атасынын урматына курулган «Исмаил-Ата» мечитинин фонунда Райымбек Матраимов менен сүрөткө да түшкөн. Аталган сүрөттү ал 14-майда фейсбук баракчасына жарыялаган.

11-июлда Ош, Бишкек жана Токмок шаарларында шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өтүп жатат. Буга чейинки шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.

Жалпысынан үч шаарда кайра шайлоого 617 517 шайлоочу катталды. Анын басымдуу бөлүгү Бишкекте добуш беришет — 426 699, Ошто — 152 718 жана Токмокто — 38 100 киши шайлоого катышуу ниетин билдирген. Шайлоо эртең мененки саат 8:00ден кечки саат 20:00ге чейин созулат.

Үч шаардык кеңешке шайлоодо 26 партиядан 2 204 талапкер ат салышууда. Борбор калаада 18 партия, Ош шаарында сегиз, ал эми Токмокто алты партия катышууда.