«Жалпы иш» коомдук фонду үгүт маалында 83 мыйзам бузууну каттады

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Клооп

«Жалпы иш» коомдук фонду Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайра шайлоого үгүт иштеринин жүрүшүнө 18-июндан бери байкоо жүргүзүп 83 мыйзам бузуу фактыларын аныктады.

Коомдук фонддун маалыматына ылайык, мыйзам бузуулардын 52си Ош шаарында катталды. Ал эми Бишкек шаарында 24, Токмокто жети факты каттоого алынган.

Мыйзам бузуулардын арасында шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу боюнча 65, добуш сатып алуу боюнча 11, административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларга карата коркутуу жана кысым көрсөтүү боюнча беш факты катталган.

Ошондой эле талапкерлерди каттоонун жол-жоболорун бузуу боюнча бир жана участкалык, аймактык шайлоо комиссиясынын курамына байланыштуу дагы бир иш каттоого алынган.

Ош шаарында катталган мыйзам бузуулардын 47си үгүт иштериндеги бузуулар, үч факты добуш сатып алуу, талапкерлердин тизмеси боюнча жана УШКнын курамына ылайык бирден мыйзам бузуу.

«Жалпы иш» коомдук фондунда 50дөн ашык ыктыярчы 95 шайлоо участогунда байкоо жүргүзүп келет.

11-июлда Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтүп жатат. Үч шаардык кеңешке шайлоодо 26 партиядан 2 204 талапкер ат салышууда. Борбор калаада 18 партия, Ош шаарында сегиз, ал эми Токмокто алты партия катышууда.

Кечээ, 10-июлда, өлкө боюнча 3 511 жаран добуштарын участоктон сырткары добуш беришти — алардын арасында президент Садыр Жапаров да бар. Буга өлкө башчысынын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус аныкталгандыгы себеп болду.

Ал эми буга чейин 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын БШК жокко чыгарган. Мындай чечимге аталган шаарлардагы участкаларда шайлоочуларды жапырт каттоо, добуш сатып алуу, админресурстун колдонулушу жана мыйзам бузуулар массалык мүнөзгө ээ болгону себеп болгон.

Тема боюнча:

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо башталды

«Ынтымак» партиясы Ош шаарында шайлоого катышуудан баш тартууга аргасыз болду. Эмне үчүн?

Бишкек, Токмок жана Ош шаардык кеңешин кайра шайлоого 48,3 млн сом сарпталат