Ош: Кош бойлуу жубайын жана кайненесин сабап өлтүргөн киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Сүрөт: Ош ШИИБинин басма сөз кызматы

Ош шаарында кош бойлуу жубайын жана кайненесин сабап өлтүргөн 32 жаштагы киши өмүр бою абак жазасына кесилип, 300 миң сом айыпка жыгылды. Мындай чечимди Ош шаардык соту 16-июнда чыгарды.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиргендей, соттолуучунун жактоочусу шаардык соттун өкүмүнө макул эместигин билдирип, облустук сотко арыз жазды.

«Учурда аппеляциялык арыздын негизинде Ош облустук сотунда иш өндүрүшкө алынды. Соттук процесс 29-июлга дайындалды», — деп билдиришти облустук соттон.

Өткөн жылдын 20-октябрында Ош шаарынын тургуну кош бойлуу жубайы менен кайненесин ур-токмокко алып, өзү борбор калаага качып кеткен. Жубайы окуя болгон жерде көз жумган, ал эми кайненеси беш күндөн кийин алган жаракаттарынын кесепетинен ооруканада каза тапкан.

Кылмышка шектүү окуядан эки күндөн кийин Ош ШИИБдин криминалдык милициясы тарабынан Бишкек шаарынан колго түшүрүлгөн. Ал сурак учурунда 29 жаштагы жубайын кызганычтан улам сабаганын айткан.

Тема боюнча:

Ошто кош бойлуу аялын сабап өлтүрдү делген 32 жаштагы тургун Бишкектен кармалды

«Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?