Куралдуу жаңжалда каза тапкан аскерлердин үй-бүлөлөрүнө Бишкектен батир берилди

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова апрелдин аягында Тажикстандын аскерий агрессиясынан каза болгон үч чек арачынын үй-бүлөсүнө президент Садыр Жапаровдун атынан батир берилгенин кабарлады. Президенттин басма сөз кызматынан бул маалыматты «Клоопко» тастыкташты.

Молдокматованын айтымында, курман болгон чек арачы Бекзод Юлдашевдин жубайына жана үч баласына Бишкектен үч бөлмөлүү батир берилди. Юлдашев «Бөрү» отрядынын прапорщиги болчу.

«Президент Бекзоддун жубайы Гүлхаёго батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу ал мага кечинде жазды. Бул сонун, анткени бул анын жубайы менен үч баласынын жашоосун алда канча жеңилдетет», — деп жазды Молдокматова.

Мындан сырткары, «Бөрү» отрядынын каза болгон жоокерлери Нурсултан Манасбек уулунун жана Эсентур Кубанычбековдун үй-бүлөсүнө да Бишкектен бир бөлмөлүү батирден берилди.

Жоокерлер 29-апрелден 1-майга чейин созулган тажик аскерлеринин аскерий агрессиясынан каза тапкан. Жалпысынан куралдуу кагылышууда 36 кыргызстандыктын өмүрү кыйылган — алардын арасында 12 жаштагы Мадина Рахматжанова жана 4 жашар Абидин Турсунбаев да бар.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик аскерлердин аракеттерин «аскердик агрессия» катары баалап, 2-майга карата чек арадагы жаңжал боюнча 11 кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Ошондой эле көзөмөл орган Кыргызстандын аскерлери коргонуу максатында гана курал колдонгонун белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик