Аксыдагы селден каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берилди

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө матриалдык жардам көрсөтүлдү.

Бир үй-бүлөдөн каза тапкандардын алты адамдын жакындарына президенттин жана Министрлер кабинетинин башчысынын атынан 1 млн 300 миң сом, ал эми 12 жашар өспүрүм менен беш жашар баланын үй-бүлөсүнө 150 миң сомдон берилди.

12-июлда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунда каттуу жаан жаап, Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл аймактарында сел жүргөн. Анын кесепетинен сегиз киши каза тапты — алардын жетөөсүнүн сөөгү табылды.

Каза болгондордун алтоо — эки аял, эки өспүрүм жана эки жаш бала — бир үй-бүлөдөн болушкан. Алардын баары Жолборсту айылынын Күйгөн жайлоосуна кетишкен. Тилекке каршы алар жашаган тамды сел агызып кетип баары набыт болушкан.

Ал эми 12 жаштагы Нурсултан жайлоодон мал кайтарып, атасы менен бирге кайтып жатканда катуу жамгыр башталган. Нурсултандын атасы ага айылдаштарынын тамына кирип турууну айтып, өзү мал байлаганы кеткен. Бирок капыстан сел агып келип тамды жер менен бир кылган.

Селдин кесепетинен каза тапкандардын арасында Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылынын 5 жашар тургуну Айдар да бар. Бирок анын сөөгү төрт күндөн бери табыла элек.

Тема боюнча:

Сүрөт баян: Аксыдагы селдин кесепеттери жана кыйылган сегиз өмүр

Аксы: 5 жашар уулун сел агызган ата анын сөөгүн табууга жардам сурайт