Аксыда сел агызып кеткен беш жаштагы баланын сөөгү табылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел агызып кеткен беш жашар Айдардын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-июлда кабарлады.

Маалыматына ылайык, жаш баланын сөөгү Кара-Суу дарыясы менен Нарын дарыясынын кесилишинен табылган. Ордуна барган куткаруучулар анын денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми Айдардын ата-энеси бул алардын уулу болгонун тастыкташты.

12-июлда катуу жааган жаандын кесепетинен Аксынын Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, сегиз кишини сел агызып кеткен. Алты адамдын сөөгү ошол эле күнү табылган. Эки жарым жаштагы кыздын сөөгү 14-июлда табылган. Селден каза болгондордун алтоо бир үй-бүлөөнүн мүчөлөрү болушкан.

Селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөөсүнө материалдык жардам көрсөтүлгөн. Алты маркумдун үй-бүлөсүнө 1 млн 300 миң сом, ал эми 12 жашар өспүрүм менен беш жашар баланын үй-бүлөсүнө 150 миң сомдон берилген. Бул каражат президенттин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Сүрөт баян: Аксыдагы селдин кесепеттери жана кыйылган сегиз өмүр