«Акыйкат чечим болбосо менин сөөгүм чыгат». Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады

Камакка алынган «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов 26-июлдан баштап ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу оппозициялык «Туран» партиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Партия Молдокматовдун камакта жазган катын жарыялады. Анда саясатчы ага дагы бир кылмыш иши боюнча айып тагылганын айтып, муну «бийликтин саясий чечими» деп баалады.

«Бийлик жалган жалаа менен мени үч айдан ашык кармашты. Туура эмес иштерин айтканым үчүн эркиндигиминен ажыратты. 26-июлда мага дагы бир ишти токушту. Ал 9-октябрдагы окуя боюнча шектүү катары кине коюшууда. Бул бийликтин саясий чечимине макул эмесмин. Бүгүнтөн баштап ачкачылык жарыялайм. Чындык үчүн күрөштө акыйкат чечим болбосо менин сөөгүм чыгат. Адилеттүү тергелишин талап кылам!», — деп билдирди Молдокматов.

Молдокматовдун кармалышы

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Жеңиш Молдокматовду 6-майда кармаган. Ал «Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алууга» шектелип жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Молдокматов 5-6-октябрь күндөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратын басып алып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаеди бошотууга мажбурлаган. Кийинчерээк саясатчынын адвокаты Турдалиев анын беренеси «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» алмашканын билдирген.

Ал эми Биринчи май райондук соту 8-майда Молдокматовду эки айга камакка алган. «Туран» партиясынын лидери абактан жазган катында мамлекетте «адилеттүүлүккө жана чындыкка болгон үмүт өчтү» деп билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жеңиш Молдокматовду 6-сентябрга чейин №1 тергөө изоляторунда калтырган.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов буга чейин президент Садыр Жапаров баш болгон бийликти сындап келген. Молдокматов Жапаров демилгелеген Баш мыйзамга каршы экенин билдирип «Ханституцияга каршы» борборун жетектеген. Ал жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийлик узурпацияланышы мүмкүн экенин айткан.

Ошондой эле саясатчы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгинен Өзбекстанга жер берүүгө каршы чыгып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иш-аракетин сынга алган.

Мындан сырткары Молдокматов Ташиев кыргыз-тажик чек арасында ок атууларды алдын алууга аракет кылган жок деп сындап, анын отставкасын талап кылган.

Тема боюнча:

«Турандын» лидери Жеңиш Молдокматов 6-сентябрга чейин абакта калтырылды

Жеңиш Молдокматов: Бийликти күч менен басып алгандар учуру келгенде жоопко тартылат