Депутаттар Жээнбеков жана Зулпукаров 30-сентябрга чейин камакта калды

Жээнбеков, Зулпукаров

27-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Кумтөр иши» боюнча камалган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековдун жана Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасы каралып, камактагы мөөнөтү 30-сентябрга чейин узартылды.

Сот чечим чыгараар алдында парламентарийлердин ондогон тарапташтары соттун имаратынын алдына чогулуп, «Эл уулдарына боштондук» деген ураандарды кыйкырып турушту.

Мындан сырткары алар «Мыйзамсыз камоого жол берилбесин», «Асылбек Жээнбеков Кумтөр боюнча эч бир мыйзамсыз ишке катышкан эмес», «Эл Зулпукаров менен», «Саясий куугунтукка жол жок!» деген транспаранттарды көтөрүп чыгышты.

Ал эми Зулпукаровдун авдокаты Асылбек Кочкоров сот чечимин «адилетсиз» деп эсептээрин айтты. Ал аппеляциялык даттануу менен Бишкек шаардык сотуна кайрылам дейт.

«Мыйзамга ылайык, ал депутат болгондуктан бир гана Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек эле. Депутаттардын макулдугу алынган эмес. Зулпукаров боштондукта жүрсө “тергөөгө тоскоолдук кылышы мүмкүн” деп дагы айтып жатышат. Бирок мындай жүйөөлөрдү кандайдыр бир фактылар менен айтыш керек, эч кандай фактылары жок», — деди ал.

Депутаттар Жээнбеков менен Зулпукаровду УКМКнын кызматкерлери 2021-жылдын 31-майында кармашкан. Ошол эле күнү кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту парламентарийлерди эки айга камоо чечимин кабыл алган.

«Кумтөр иши» боюнча кармалгандар

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Алардын бири «Кумтөр Голд Компани» ишканасы экологиялык талаптарды сактабаганы боюнча. Калган үч иш алтын казуучу компания менен келишимдерди түзгөн, салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон, ошондой эле «Кумтөр Голд Компаниге» чалгындоо жүргүзүү үчүн кошумча жер тилкелерди берген жогорку кызматтагы адамдарына карата козголгон.

Иштин алкагында экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев, Өмүрбек Бабанов, экс-вице-премьерлер Тайырбек Сарпашев, Алмазбек Баатырбеков,экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана «Кыргызпатенттин» башчысы Динара Молдошеваны кармаган.

Учурда Сарпашев менен Молдошевадан башкасынын баары УКМКнын тергөө абагында.

«Кумтөр иши» боюнча кармалгандардын арасында парламенттин экс-депутаты Исхак Пирматов 15-июлда Биринчи май райондук сотту баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарган.