Добуш сатып алууга шектелген «Бир Болдун» талапкеринин каттоосу жокко чыгарылды

Сүрөт: «Бир Бол» саясий партиясы

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-июлдагы отурумунда Ош шаардык кеңешке өткөн «Бир Бол» партиясынын талапкери Саидисломбек Патидиновдун каттоосун жокко чыгарды. Ал добуш сатып алууга шектелип жатат.

Патидинов «Бир Болдун» тизмесинде №10 катар санда болчу. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы аны 7-июлда добуш сатып алууга шектеп кармаган.

Ош шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуровдун айтымында, Патидиновго байланыштуу иш боюнча сот чечими чыга электигинен талапкерге чара колдонулган эмес.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ош шаардык АШКсынын чечими туура эмес болгонун айтты. Анын айтымында, добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши козголгон талапкерлерге эскертүү берсе болот же каттоосун жокко чыгарса болот. Андан сырткары Шайлдабекова жадагалса партиянын алган добуштарын жараксыз деп тааныса болорун белгиледи.

*Буга чейин БШК «Ынтымактын» талапкери Бахадир Латиханов добуштарды сатып алууга шектелип жатканына байланыштуу партияны шайлоодон четтетүүнү көздөгөн. Мындан улам 10-июлда «Ынтымак» Ош шаардык кеңешке шайлоого катышуудан баш тартууга аргасыз болгон.

БШКнын отурумунда Шайлдабекова Патидиновдун талапкер катары каттоосун жокко чыгарууну сунуштады, ал эми Боршайкомдук мүчөлөрү аны бир добуштан колдоп беришти.

Ал эми ушул эле жыйында добуштарды сатып алуу үчүн БШК «Биздин Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетип, партиянын алган добуштарын жараксыз деп тааныды. Ош ШИИБден «Биздин Кыргызстандын» талапкерлерине добуштарды сатып алуу боюнча үч факт катталганын билдирди. Анткен менен партиянын өкүлү анын бирөөсүн гана аларга тиешеси бар болгонун айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясы 11-июлда Ош шаардык кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгын таанып, «Биздин Кыргызстандын» эсепке албаганда үч партия өткөнүн билдирди. Алар «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» жана «Бир Бол».