Бишкек мэринин м.а. Таалайбек Сарыбашов уулун кызматтан бошотту

Таалайбек Сарыбашов / Нурсултан Насирбеков

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов борбор калаанын муниципалитетинде иштеген уулу Нурсултан Насирбековду кызматынан бошотту. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы 2-августта кабарлады.

Насирбеков муниципалитеттин борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеген. Бишкектин мэриясынан Насирбеков конкурс аркылуу кызматка дайындалганын белгилешти.

ЖМКлардын маалыматына ылайык, Насирбековду жумушка Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев алган. Түлөбаев бул кызматта 2018-2020-жылдары иштеп, андан соң октябрь окуясынан кийин Бишкек мэринин м.а. болуп дайындалган.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы Насирбеков башка кызматка дайындалабы-жокпу белгисиз экенин, маалымат тактала турганын убада кылышты.

Сарыбашов Бишкектин мэринин м.а. болуп 2-августта дайындалган. Буга чейин ал 2018-жылдан тартып Ош шаарын башкарган. Ал эми Сарыбашовдун ордуна Ош шаарынын мэринин м.а. болуп Алмаз Мамбетов барган.