Жуманазарова менен Медет кызынын тренери: Делегацияга спортко тиешеси жоктор кирип калган

Олимпиада оюндарында өлкө намысын коргоп жаткан Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарованын алгачкы тренери Дүйшөн Жуманазаров делегация менен Токиого барышы керек болуп, бирок аз калганда делегациянын курамына кирбей калган айтып берди. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» курган маегинде билдирди.

Дүйшөн Жуманазаров — Мээрим Жуманазарованын атасы.

Анын айтымында, Токио Олимпиадасына барган Кыргызстандын делегациясына курамына спортко тиешеси жок адамдар жана депутаттар бар. Ал тренерлер делегацияга кирбей калган учурлар мурда деле болгонун, мындай жагдай азыр да кайталанганын билдирди.

«Алгач олимпиадага барасыңар дегенде, форма алып, даярданып алганбыз. Бирок эң акыркы күндөрү делегацияда кыскатуу болду деп коюшту. Делегацияда спортко тиешеси жоктор деле жүрөт. Мисалы, депуттар бар. Мындай көрүнүш дайыма эле болуп келген, азыр да ошол нерсе кайталанды. Көйгөйдү өкмөт башчысы өзү караштырып, чечсе болмок. Мен олимпиадага эки спортчу жиберип, алгачкы машыктыруучусу катары алардын күрөшүн телевизордон көрүп отурам», — деп билдирди Жуманазаров.

Ал 40 жылдык тажрыйбасында үч спортчуну Олимпиада оюндарына жибергенин кошумчалады.

«Кыздарды машыктырып, республиканын курамасына берүү өтө оор иш. Өмүр бою иштеп, спорт чеберин тарбиялай албай жүргөндөр толтура. Эми эмне кылабыз, барбай калдык. Ичиң ачышат экен. Спортчуларымдын кубанычы менен кайгысын, ызасын жанында туруп бөлүшсөмбү дегем. Бирок андай болбой калды», — деп кейиди ал.

Олимпиада оюндары 23-июлда Токиодо башталган. Кыргызстандан Олимпиадага 16 спортчу барган. Спортчулардын Токио Олимпиадасына катышуусун Улуттук олимпиада комитети уюштурган.

Кийинчерээк олимпиада оюндарына аткаминерлер кеткени белгилүү болгон. Бирок президенттик администрация алар делегациядан оорун ээлебей, спортчуларды колдоо үчүн барган деп ишендирүүдө.

«Алар айрым ЖМКлар божомолдогондой дарыгерлер менен массаж кылган адамдардын ордуна эмес, спортчулар менен бирге, аларды колдогону бара жатышат. Алар делегациянын курамында жок», — деп билдирген президенттин администрациясы.

Тема боюнча:

Экинчи медаль. Мээрим Жуманазарова коло менен кайтат

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль жеңди